22-январда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу тышкы иштер министрлигине чакырылган. Бул тууралуу 23-январда ТИМдин бачысы Чынгыз Айдарбеков басма сөз жыйынында билдирди. Министр Кыргызстандын жарандары АКШга кирүүсүнө чектөө киргизилгени боюнча сөз болгонун белгиледи. Анын айтымында, элчи менен консультациялар жүргөн.
“Америкалык тараптын атынан сүйлөгөн элчи бул маалыматты тастыктагабады. Консультация жүрүп жатат. Бул чектөөнү АКШнын укук коргоо органдары сунуш кылышкан экен” деди министр.
Ошондой эле Айдарбеков 2017-жылы “АКШга биометрикалык паспорттор иштебеген өлкөлөрдүн жарандары кире албайт” деген буйрук чыкканын, ал эми Кыргызстанда биометрикалык паспорттор соттук териштирүүлөр жүрүп жаткандыктан берилбей жатканын кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ