Menu

Акыркы үч жылда спирт ичимдиктерин колдонуу азайды

Бөлүшүү:

Спирт ичимдиктерин чекене сатуу, расмий маалыматтар боюнча 2001-жылдын көрсөткүчтөрүнө түштү. Бир кишиге бир жылда 3,31 литр. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 2014-жылга карата алынган маалыматтар боюнча алкоголдук ичимдиктерди колдонуу бир кишиге бир жылда 4,3 литр болгон. Бирок акыркы үч жылда ичимдиктерди колдонуу 23,1 пайызга кыскарып, 3,31 литрге түшкөн. Статистикалык маалыматтар боюнча өлкөдө 1992-жылдан баштап алкоголдук ичимдиктерди колдонуу өскөн, 2008-жылы гана ичимдиктерди колдонуу төмөндөгөнү байкалган. Бул расмий билдирүүлөр колдо жасалган жана контрабандалык жолдор менен алынып келинген ичимдиктерди эсепке албайт.

Кошумчалай кетсек, 2014-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2010-жылга карата спирт ичимдиктерин колдонуунун дүйнөлүк статистикасын чыгарган. 191 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 118чи орунда турган. Тактап айтканда бир жылга киши башына 4,3 литр алкоголдук ичимдиктерди колдонуу туура келген. Борбордук Азия өлкөлөрүнөн спирт ичимдиктерди колдонуу боюнча Казакстан биринчи орунда турган – 10,3 литр, Өзбекстан – 4,6 литр, Түркменстан – 4,3 литр. Эң аз Тажикстанда спирт ичимдиктер колдонгон – 2,8 литр. Изилдөө боюнча эң алдыңкы орундарда мурдагы советтик өлкөлөр турушкан. Биринчи орунда Белорусия – 17,6 литр, экинчи Молдова – 16,8 литр, үчүнчү Литва – 15,5 литр, төртүнчү Орусия – 15,1 литр.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: