«Ферхар» жеке айыл-чарба бирикмеси Түркмөнстандын түштүгүндө биринчи жолу банандын түшүмүн чогултууну баштады. Бул тууралуу Түркмөнстандын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер бирикмесинин сайтында жарыяланды.
Экзотикалык өсүмдүктөр жаңы түзүлгөн шарттарга көнүп, аз убакыт аралыгында түшүм берип баштаган.
Түркмөнстандын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер бирикмесинин маалыматына ылайык, «Ферхар» жеке айыл-чарба бирикмеси 2018-жылы 1 га жерге күнөскана куруп Түркиядан алынып келинген банан көчөттөрүн отургузушкан.
Буга чейин эч ким өстүрүп көрө элек банандан, ишкерлер биринчи түшүмдү 30-40 тоннага чейин алууну пландап жатышат.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ