Menu

Ысык-Көлдө балык уулоого чыккан үй-бүлө табыла элек

Бөлүшүү:

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Тынарбек Мурашев билдирди. Анын маалыматы боюнча, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык аймагынын Кирпичный айылынын тургундары Юрий жана Роза Новиковдор 1-мартка караган түнү болжол менен саат үчтө балык кармаганы чыгып, ошол боюнча дайынсыз кетишкен. 2-мартта Дархан жана Саруу айылдарынын орто ченинен жубайлардын бош кайыгы табылган:

– Тилекке каршы дагы деле табыла элек.

Издөө иштери суучулдардын жардамы менен активдүү жүрүп жатат. Кайыгын жергиликтүү тургундар көлдүн үстүндө калкып жүргөн жеринен көрүп калышып, жээкке сүйрөп чыгышыптыр. Дайынсыз жоголгон жубайларды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 12 куткаруучусу, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү тургундар издеп жатышат. Ошондой эле Каракол жана Бишкек шаарынан суучул адистер чакырылган.

Жубайлардын үйүндө 9 жаштагы уулу менен 14 жашар кызы калган.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: