Menu

Жаңы-Өзөн кайра козголду

Бөлүшүү:

Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында кайрадан нааразылык чыкты. Шаардын ондогон жашоочулары бир нече кун бою көчөгө чыгып, ишке орноштурууну, айлык акыны көтөрүүнү талап кылышты.

Укук коргоо органдары акцияга катышкан 16 кишини кармап, беш күндөн жети күнгө чейин камакка алды. Окуяны чагылдырууга барган журналисттер да полицияга сурак берип чыгышты.

Жаңы-Өзөндө жумушсуздук маселесин чечүү талабы бир нече аптадан бери айтылып келет. 19-февралда ондогон адамдар шаардык акимчиликтин алдына чогулуп, ошол жерден казак президенти Нурсултан Назарбаевге Интернет аркылуу видео кайрылуу жиберишкен. Кайрылууда: — Акимдерге кайрылып келдик, алар жалган нерселерди айтып, калп убада берип кетип калышат. Жаңы-Өзөндө жаштардын баары жумушсуз. Бизге эмне керек? Жумуш керек. Убактылуу келишим түзүп, кайсы бир компанияда алты ай иштетип, андан кийин кубалап салгандардын кереги жок. Быйылкы жаштар жылында бизге колдоо болуп, туруктуу жумуш орундары түзүлсүн! Элге иш берген мекемелер ачылсын!

Жаңы-Өзөндүн тургундарынын талабы өткөн аптанын аягында да жаңырды. Ондогон адам бир нече күн бою шаардык иш менен камсыздоо жана социалдык программа бөлүмү жайгашкан Нике каттоо сарайынын алдына чогулушту. Алар жергиликтүү бийликтин элди иш менен камсыздоо саясатына нааразылыгын билдирип, президенттен айына 150 миң теңгеден жогору айлыгы бар иш таап берүүнү талап кылышты. Бул күндөрү эл чогулган жерди полиция курчап турду.

2011-жылдын 16-декабрында Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын узакка созулган иш таштоосу кагылыш менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 17 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жарадар болгон. Бул окуялардан кийин «жапырт башаламандык уюштурган» деген кине менен 37 киши соттолгон. Алардын ичинен 13 киши үч жылдан жети жылга чейин кесилип, үчөө толук акталып чыккан. Калганы шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. «Кызмат абалынан аша чапкан» деген негизде бир нече полиция кызматкери да жоопко тартылган.

Казакстандык жана эл аралык укук коргоо уюмдары, Батыш мамлекеттери Астананын аракетин айыптап, кан төгүүнүн күнөөлүүлөрүн жазалоого, аны калыс иликтөөгө чакырышкан. Айрым саясатчылар Жаңы-Өзөндөгү бул кан төгүүнү «экинчи Желтоксон» деп баалаган.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: