Menu

Ооганстандын Маймай уездине кол салган «тажик талибдеринин» ысымдары аныкталды

Бөлүшүү:

Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Маймай уездиндеги согуштук аракеттерге «тажик талибдери» катышты. Тажикстан менен чектеш жердеги салгылаш учурунда бери дегенде эле 24 коопсуздук кызматкери мерт болуп, 7 кишинин дайыны чыкпай жатат. Бул тууралуу ооган бийлиги кабарлады.

Урушка “тажик талибдеринин” катышканы 7-декабрда соцтармактарга ооган күч түзүм кызматкерин өлтүрүү учурунда тартылган видео тарагандан кийин белгилүү болду: айрым жоочулар тажиктерге мүнөздүү диалектте сүйлөшкөн.

Маалыматтарга караганда, тажикстандык жоочулар “Талибандын” катарында согушкан “Жамаат Ансоруллах” тобуна кирет.

Бадахшан провинциясынын полициясынын басма сөз катчысы Саноуллох Рухани жергиликтүү чалгынчылар жана ооган бийлиги “тажик талибдеринин” аты-жөндөрүн тактаганын билдирди.

Тажикстан менен чектеш Бадахшан провинциясында талибдердин катарында 450дөн ашуун жоочулар – тажиктер, өзбектер, кавказдыктар, кытайлар жана уйгурлар бар.

Нусай уездинин башчысынын орун басары Абдугаффор Гардиш “тажик талибдери” 30га чукул экенин, алардын көбү жергиликтүү кыздарга үйлөнгөнүн айтты.

“Бул маалыматты биз Дарваздагы талибдердин коопсуздук кызматынын жетекчисинен алдык. Аны атайын кызматтар кармашкан. Ал “Жамаат Ансоруллах тобуна кирген бардык жоочуларды тааныйт” , – деди чиновник.

Абдугаффор Гардиш атайын кызматтардын маалыматына таянуу менен Маймай уездинде өкмөттүк күчтөргө каршы операцияны “Юнус Арсалон” каймана ысымы менен таанылган киши жетектегенин кошумчалады. Ал Тажикстандын Абдулвосит Вохидов аттуу жараны экени маалым.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: