Menu

Кыргыздар арабдарды “маданиятсыздыгы” менен таң калтырдыбы?

Бөлүшүү:

Жакында Кыргызстандан 400гө жакын көк бөрүчүлөр баш болгон улуттук оюндардын спортчулары Сауд Аравияга жөнөп кетишкен. Алар Саmel Fest деп аталган өлкөнүн Королу өзү катыша турган этнофестивалга катышып, кыргыз элинин ат оюндарын көрсөтүшмөк. Саmel Fest иш-чарасы 9-марттан 23-мартка чейин өтөт. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын көрсөтөт. Ага жалпысынан Кыргызстандан 2 миңдей адам катышса, 400ү 2-март күнү жөнөп кеткен. Ал жактан “Көчмөндөр ааламы” деп аталган этнофестивалын көрсөтүшөт. Кыргызстандыктар үчүн Сауд Аравияда 15 гектар жер берилип, ипподром, этнобазар жана көчмөндөр айылы курулган.

Эки жумага жакын аралыкта алар арабдарга кандай оюн көрсөткөндүгүн ким билсин, бирок эки күн мурда ал жакка барган кыргыздардын маданиятсыз жүрүм-туруму, тамак-ашты ачарчылык каптаган өлкөдөн баргандай талашып, тарелкага толтуруп салып алып, ал тургай жатаканага чейин көтөрүп кетишери, отурган столдорду такылдатып кыйкырып-бакырышкандыгы жана буттарын отургучка коюп алган жосунсуз жоруктары соцтармактарга сүрөттөрү менен кошо чыгып кетти. Мындай сенсацияны Бегимай Жаныбекова деген кесиптешибиз жарыялаган.

Ал текст менен кошо тамак ичкен учурда эркек кишинин бутун отургучтун үстүнө коюп алган учурун тартып алган. “Анысы аз келгенсип бөлмөсүнө ящиктеп суусундук көтөрүп кетет. Же анын баарын түгөтпөйт деген маанайда жазган.

Ашканага эртерээк келип калгандары кызматкерлерди шаштысын кетире”, – деп сүрөттөгөн. Анын айтымында, мекендештер даярдаган дасторконго жабыша калып, табактарына тамакты толтуруп алышат.

Баса, бул топту жөнөткөн маданият министрлиги менен спорт агенттиги алгач аларга чет жакта жүрүш-туруштун маданиятын үйрөтүп коюшса болмок экен…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: