Menu

Депутат Акылбек Жапаров: «Өкмөт дыйкандардын өндүргөн продукцияларын сатуу жана сактоо маселесин качан өз мойнуна алат?»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-мартта Жогорку Кеӊеш жыйынында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын жазгы-талаачылык жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат угулууда.

Жыйында жазгы-талаачылык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктар боюнча КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов баштаган тиешелүү министрликтер менен мекемелердин жетекчилери жооп беришүүдө.

Суроо-жооптун жүрүшүндө депутат Сайдулла Нышанов жазгы айдап-себүүдөгү эӊ орчундуу маселелердин бири – суу чарбасын каржылоо кандай болуп жатканына кызыкты. Айыл чарба, тамак-аш өнөржайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин айтымында, бюджетте каралган каражаттын 80% график менен берилип жаткандыгын маалымдады. Бул тармакка жалпысы 238 млн сом каралган болсо, январь айында 158 млн сом бөлүү чечилип, график менен берилүүдө. Мындан сырткары, дизель майынын орточо баасы 45 сомдон болуп жатканы айтылып, күйүүчү-майлоочу материалдарды импорттоо боюнча Россия менен сүйлөшүү болгондугу жана быйыл бул маселеде көйгөй болбостугу белгилүү болду. Ошондой эле минералдык жер семирткичтер менен камсыздоодо дагы көйгөй жаралбастыгы кошумчаланды.

Депутат Дастан Бекешев айыл чарба өнүмдөрүнүн Казакстан. Өзбекстан, Тажикстандан контрабандалык жол менен кириши ата мекендик дыйкандарга чоӊ кедергисин тийгизип жаткандыгын айтып, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат контрабанда менен күрөшүүгө багыт алса деген оюн ортого салды.

Депутат Акылбек Жапаров дыйкандардын өндүргөн продукцияларын сатуу жана сактоо маселесин өздөрүнө калтырып келе жатабыз деп, Өкмөт айыл чарба продукцияларын сатууну жана сактоону качан өз мойнуна алат деген суроону кабыргасынан койду. Ошону менен катар депутат быйыл этти Россияга чыгаруу маселеси чечилгени менен өлкөдө эт комбинаты жоктугун белгилеп, быйыл жок дегенде эки эт комбинатын курууну сунуш кылды.

Депутат Азизбек Турсунбаев айыл чарба продукцияларын четке чыгаруу маселесинде Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстандагы биздин элчилердин ишин сынга алды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: