Menu

Президентке түз кайрылган доцент куугунтукка алынууда

Бөлүшүү:

Биз буга чейин да, бир нече жолу гезитибизде Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору К.Усеновдун коррупциялык ишмердүүлүгүнө кайрылып, кеңири маалымат бергенбиз. Соңку макалада Усенов тиранга айланып баратканын, эмгек жамаатты эзип, өз билгенин жасап жатканын тууралуу президент С.Жээнбековго кулак кагыш кылдык эле.

ЖАМУнун эмгек жамаатынын президентке, премьер-министрге, Коопсуздук кеңешине, ЖК депутаттарына жолдогон ондогон кайрылуулары жоопсуз калууда.

“Учурда мамлекетибизде коомдук-саясий кырдаал курчуп, өлкөдө мекеме-ишканаларда болуп жаткан коррупциялык укук бузууларга каршы күрөш ишке ашып жатканда, биз ЖАМУнун профессор-окутуучулары, президенттин саясатын колдоп, ага арка-бел болуу максатында өзүбүз эмгектенип жаткан окуу жайдын келечек-тагдырына, өсүп-өнүгүүсүнө кайдыгер карай албай, ректор К.Ж.Усенов тарабынан кетирилип жаткан коррупциялык иштерди чектөө максатында бир нече жолу жогорку инстанцияларга кайрылдык. Президентибиз С.Жээнбеков 2018-жылдын 20-декабрында кол койгон “Коррупциялык кылмыштарды билдирген жактарды коргоо боюнча” мыйзамын жетекчиликке алып, жазылып жаткан арыздын мазмунундагы фактыларды териштирип, арыз ээлеринин коопсуздугун камсыз кылып берүүңүздөрдү суранабыз. Буга чейин басма сөз беттеринде, маалымат каражаттарында ректор К.Усеновдун жүргүзгөн ишмердүүлүгүндөгү мыйзамсыз аракеттери ачык айтылып жарыяланып келди. Бирок, ага карабай бир нече жолу түшкөн текшерүүнүн жыйынтыгы чыкпай же тиешелүү чара көрүлбөй, ачык айтып, жазган профессор-окутуучуларга куугунтук күчөп, жаат-жаатка бөлүнүп, шексинүүлөр, ишенбөөчүлүк күчөп жамаат арасында психологиялык-атмосфералык абал курчугандан курчуп келе жатат.

Ректорлук кызматка отургандан берки иш-аракети жалаң интрига, бөлүп-жаруу, ушак-айың, мыйзамсыз буйруктарды чыгаруу, жобого туура келбеген иштердин жасалышы, өзүн шайлоодо колдобогон профессионал адистерди куугунтуктоо, кызматтан кетирүү, кызматка алуу жана жайгаштыруудагы туугандашуу, жаатташуу, “лагерлешуу”, достошуу саясаты менен гана алек болгондугу университеттин академиялык денгээлин төмөндөтүп, ырыс-ынтымакты кетирди.

2018- жылдын 21-декабрында ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин жыйыны болуп өтүп, жыйында ректор К.Усенов Окумуштуулар Кеңешинин жалпы мүчөлөрүнө кайрылып:  “Президентке кайта-кайта арыз жазасыңар, президент чече тургансып, президент эмнени чечмек эле” деп ички ачуу оюн жалпыга ачык билдирген.

2019- жылдын 15-февралында болуп өткөн Окумуштуулар Кеңешинде (кеңейтилген деп аташып, көпчүлүк чакырылбаган) ректор К.Ж.Усеновдун үстүнөн жазылып жаткан буга чейинки арыздар, ММКларда жарыяланып жаткан дооматтарды атайын күн тартибине койду. Бул маселе дагы эле баягы өзү даярдап койгон сценарий боюнча белгилүү колдоочу аялдар тобунун, уюштуруусу, демилгеси менен ректорду колдоо боюнча кайрылуу жазып, кол топтоп жогору жактарга жөнөтүү жөнүндөгү кабыл алышкан чечимдерин көпчүлүк профессор-окутуучулар айласы жоктун иши катары баалашты. Акыркы эки жылда колледждерге өзүнө караштуу адамдардын санын көбөйткөн. Көрсө аларды ушундай иштерде кол койдуруу максатында топтогон окшойт. Бүгүнкү күндө факультеттерде жолугушууларды уюштуруп туура эмес маалыматтарды берип, “арыздануучуларды” сотко берерин айтып жаткан чагы. Жыйынга катышкан окутуучулардын катталуу үчүн коюлган колдорун кайрылууга тиркеме катары коюп жонотуп жатат. Коюлган колдорду жогору жакка жөнөтөрүн билип калган профессордук-окутуучулар курамы өткөргөн жолугушууларына келбей качып кетип, азчылык гана бөлүгү катышып жатышат.

2019-жылдын 21-февралында президент С.Жээнбеков Жалал-Абад областынын Сузак районундагы жергиликтүү эл менен жолугушууга келгенде ЖАМУнун доценти Г.Рыскулова ЖАМудагы болуп жаткан мыйзамсыз иштерге чек коюп берүү өтүнүчү менен сүйлөгөн. Ошол эле күнү Г.Рыскуловага болгон куугунтук жетекчилик тарабынан башталып, ар кандай мазмундагы актылар түзүлдү. Эртеси Г.Рыскулованын үстүнөн териштирүү, каралоо иштери жүргүзүлүп, ал иштеген факультеттин деканына чара көрүү маселеси айтылып, Г.Рыскуловага жалган жалаа менен үчүнчү жолку “сөгүшү” (2019-жыл 28-февраль, буйрук №71) берилди. Бүгүнкү күндө Г.Рыскулова үй-бүлөлүк коопсуздугунан да чочулап, өз ишмердүүлүгүн жоготуу коркунучунда турат. К.Усенов Г.Рыскулованы колдогондорду аёсуз куугунтуктап, ыплас иштерине кызматкерлерди, студенттерди аралаштырып мажбур кол койдурууга, жалган көрсөтмө берүүгө пайдаланып жатат. Куугунтуктап 10дон ашык кызматкерди жумуштан кетирсе, алардын катарын толуктоо үчүн медколледждин директоруна жаза колдонуу менен (буйрук №132019-жыл 16-январь) иштен кетүүгө мажбур кылды. 40 жылдык педагогикалык эмгек стажына карабай филология факультетинин методисти Б.Гадаеваны Г.Рыскулова менен жакшы мамилелеш болгону үчүн жаза колдонду (буйрук №26 2019-жыл 23-январь)”- бул редакцияга жолдонгон кайрылуунун баш бөлүгү.

Андан ары биздин гезитте жазылган Усеновдун мыйзам бузуулары тизмектелип берилген. Аргасы кеткен байкуш окутуучу жамаат кайрадан президентке кайрылуу жолдоптур.

Урматтуу президент!

Ректор Усеновдун кылмыштуу ректорлук башкаруусун, анын коррупциялык иштерин сизге ким жеткизбей, ортодон бууп, катып жатканын билбейбиз. Бирок, сиз эң алды элдин ишенген президентисиз, гезит окууруңузду билебиз, бул ишти жеке көзөмөлгө алып, мындай тиран жетекчиден өмүрүн балдарга билим берүүгө арнаган окутуучуларды сактап калышыңызды суранабыз! Билип эле турабыз, баарына убактыңыз жетпейт, ошондон пайдаланып, куу чирен чиновниктер, сиз ишенген айрым кадрлар К.Усеновдун “бал тилинен” шимирип, Кыргызстандагы кадыр-барктуу окуу жайлардын бирин кууратып салышты. Эмне, “президент эмнени чечмек эле?”- дегидей Усенов ким? Ага эмне, эч кимдин алы жетпей калдыбы? Бул фактыга шашылыш чара көрбөсөңүз, сиздин акыйкат башкарууңузга көлөкө түшөт, Сооронбай Шарипович! Сизден жооп күтөбүз…

“Майданчылар”

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: