Menu

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: “Эгерде шайлоого эски система менен бара турган болсок, мунун аягы үчүнчү жолку кандуу революция менен аяктайт”

Бөлүшүү:

Кандай маселе болбосун өз көз карашын ачык айткан, “шайлоо системасын өзгөртпөсөк элдин шору дагы 10 жыл кайнап, аягы кан төккөн революция менен акташы мүмкүн”- деген Азимбек Бекназаров менен кыргыз саясатындагы айрым жагдайлар боюнча ой бөлүштүк.

– Азимбек Анаркулович, Атамбаевди жана “Апрель” телеканалын сотко берген үч саясатчыга райондук сот экс-президент 100 миңден төлөп берсин деген чечим чыгарыптыр. Соттун чечимине канааттандыңыздарбы?

– Бул маселе боюнча азыр бир нерсе деп сүйлөгөн эртелик кылат. Биринчиден, соттун чечими күчүнө кире элек. Экинчиден, алар да, биз да сотко аппеляциялык арыз жазып жатабыз.

– Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Адылбек Бакиев “2010-жылдагы 7-апрепдеги кан төгүүнү биз эмес, ошол башаламандыкты уюштургандар кылышкан” дептир. Атамбаев “миң киши өлсө эч нерсе эмес, эң башкысы бийликти алабыз”- деп айтканын Феликс Кулов да китебине жазыптыр. Ал сөздүн чындыгы барбы?

– Атамбаев “мени каралап жазып коюптур” десе Куловду сотко берсин. “Мындай негизде жазгам” деп далилдесин. Сыягы, антип жазганына караганда Куловдун да билгени бардыр да. Мүмкүн колунда ошондой маалыматы бардыр. Анткени, Кулов укук коргоо органдарында иштеген. Россиянын ФСБсы менен мамилеси бар болчу. Маалыматы болгон үчүн жазса керек.

– Азимбек Анаркулович, “Кумтөрдү” денонсациялоо боюнча демилге көтөрүп жатасыңар. Мурунку бийликтин тушунда мыйзам жазып, кол топтогон аракетиңерден майнап чыккан жок эле. Бу сапар ал демилге ишке ашчудайбы?

– Кечээ референдумга чыгарабыз деген үч маселенин бирине Юстиция министрлигинен жооп алдык. “Кумтөр” боюнча жооп келе элек. Мурунку бийликтин тушунда “Кумтөр” боюнча 10 миң элдин чогулган колун да, машакатка айлантып “Юстиция министрлиги аркылуу өткөрүлсүн” делген арамза саясат жүргүзүлгөн. Азыр да ошондой жол менен биздин сунушту аткаруудан баш тартышса, анда Конституциялык сотко беришке аргасыз болобуз. Азыркы бийлик да, мыйзам жолу менен чиеленишкен “Кумтөр” маселесин чечүүдөн качса, конституциялык укугубуздан пайдаланып, бул маселени элдин күчү менен чечүүгө аргасыз кылган жагдайга туш болобуз. Мен депутаттардан элди көчөгө чыгарбай цивилдүү жол менен чечели деп сурангам. Эгер андай жолду каалашпаса, жазында митинг жолу менен элдин байлыгын элге кайрып берүүгө аракет кылабыз.

-“Кумтөр”маселесинин башында кыргыз бийлигинин тили өтпөй турган чоң державалар тураары айтылат. Ошон үчүн кайсы бийлик болбосун алардын алдында алсыз 6олуп, өкмөт алардын адвокатына айланаарын айтышат. Бийликтин тиши өтпөгөн маселеге элдин күчү жетеби?

– Биз жакында акционерлердин аттарын жарыялайбыз. Азыр тизмесин тактап, кимди жоопко тартыш керек? “Кимдин канча акциясы бар”- деген маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Буюрса, жакында жок дегенде 30 акционердин тизмесин жарыялап, элдин ырыскысын ким деп жатканын ачыкка чыгарабыз. Бүгүнкү бийликтен кимдер алар менен табакташ болуп жаткаңын да ачык айтабыз.

– Неге азыркы бийлик саясий туткундарды эркиндикке чыгарууну кечеңдетип жатат?

– Алар боюнча соттордун чечими бар. Соттордун чечими да мыйзам сыяктуу болот. Аны эч ким буза албайт. Соттун чечимин президент да, Жогорку Кеңеш да жокко чыгара албайт. Алар амнистия гана жарыялашат. Бирок, андай жоопкерчликти парламент мойнуна алгысы келбей жатат. Ошондуктан, соттун чечими жокко чыкмайын аларды күнөөсү жок эле соттолуп кетти деп да айталбайбыз. Алар сотто акталса гана “күнөөсү жок экен, акталышыптыр” дейбиз.

– Өкмөттүн ишине канааттанасызбы?

– Азыркы өкмөт да, аларды шайлаган Жогорку Кеңеш да мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдики. Алар баштагыдай эле тартипте иштеп жатышат. Эгерде булар өз конституциялык укуктарын мыйзам боюнча так аткарбаса, парламент менен өкмөт азыркы президенттин шоруна калат.

– Сооронбай Жээнбеков айыл өкмөт башчылары менен жолукту, мурунку спикерлер да өз алдынча кеңеш түзүп, президентке сунуштарын бере турган болуптур. Айыл өкмөттөр менен болгон жолугушуудан же мурунку спикерлерден жарытылуу акыл чыгабы?

– Президент жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жолукса, эл менен жолукса, ошолордун пикирлерин угуп жатканы колго ала турган жакшы жөрөлгө. Президент партиялар, тактап айтканда, партиянын босстору менен отуруп алып, мамлекеттин саясатын аныктап жатканы чыны менен опурталдуу… Бүткүл Жогорку Кеңеш ТЭЦ боюнча актанып, “колубузду бураган” дегендин өзү кылмыштуулук. Ушундай болбош үчүн курултайда сунуш берип, “шайлоо системасын өзгөртөлү, депутаттар президенттин жана партия лидеринин көзүн карабай көз карандысыз болсун” десек, Юстиция министрлигинен: “андай болбойт” деген шайлоо системасын өзгөртүүнү каалабаган жооп алдык.

– Эгер шайлоо системасы өзгөрбөсө 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоо мурунку эле эрежелер менен өтө турган болсо, Кыргызстан кандай абалга кептелиши мүмкүн?

– Эгер шайлоо системасы өзгөрбөй турган болсо, эски система менен эле шайлоого бара турган болсок, анда Кыргызстандын шору дагы 10 жыл кайнайт. Мындай нерсенин аягы үчүнчү жолку кандуу революция менен аяктайт. Ошон үчүн шайлоо системасын өзгөртүп, Конституциядагы, мыйзамдагы башаламандыктарды жоюп, конституциялык референдумга барбасак Кыргызстан мындан да жаман абалга кептелет. Андай кордукка чыдабаган эл үчүнчү жолу революцияга чыгат. Бөөдө бейбечаралардын каны төгүлүп калышы мүмкүн. Ал кандар азыркы президент менен азыркы бийликтин мойнуна илинет.

– Кыргызстандын мойнуна жок жерден 37 миллион доллар илген “Рус Гидро”менен соттошуу эмес, тил табышуу аракети башталыптыр. Алардын мындай карызды мойнубузга илишине кимдердин тиешеси бар?

– “Рус Гидро” бизден эртеби-кечпи 37 миллион долларды өндүрүп алат. Ага Атамбаев жана ошол кездеги Жогорку Кеңеш менен өкмөт күнөөлүү. Алар менен түзүлгөн келишимди ратификация кылып, кайра денонсация кылып, ортодо Атамбаев менен Жогорку Кеңеш ойногон. Ошон үчүн бул жерде “Рус Гидронун” эмес, Атамбаев менен Жогорку Кеңештин күнөөсү чоң. Алар ратификация кылып, кайра денонсация кылышып ортодо Кыргызстандын мойнуна 37 миллион сом илишти. Эми ал каражатты эл эмес, ошол келишимди ратификация кылып, кайра денонсациялаган депутаттар жана ошол кездеги өкмөт менен Атамбаев төлөшү керек. Анткени, бул сумма ошол кездеги өкмөт, президент жана Жогорку Кеңештин коллегиялуу жасаган кылмышы.

– Атамбаев “мен бийликти кандай өткөрүп берсем, партияны да так ошондой эле өткөрүп берем”- дептир. Атамбаевдин партиясын өткөрүүдөн башка айласы калган жокпу?

– Атамбаевдин мындан башка аргасы да, айласы да жок. Бийликти тынчтык жолу менен Жээнбековго өткөрүп берип тарыхта калчу жакшы иш жасады. Анда бийликти басып алууга да мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ал бийликти басып албай чоң эрдик жасап, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берди. Эми партиясын да өткөрүп эрдик жасашы керек.

– Партиясын өткөргөнү менен парламенттик шайлоого катышаары айтылып жатат го?

– Парламенттик шайлоого сөзсүз эле партиянын лидери болуп катышы шарт эмес. Партиянын лидери болбой туруп деле депутат боло берсе болот. Бирок, ал депутат болуп иштей алабы, маселе ошондо. Анткени, ал маселе көтөрүп иштеп көргөн эмес. Ошон үчүн ал депутат болуп келбей эле эс алышы керек. Ал тургай азыркы президенттин толук кандуу иштешине мүмкүнчүлүк берип, колунан келсе жардам бериши керек. Элди ынтымакка, биримдикке үндөп, кетирген күнөөлөрүн мойнуна алып өкүнсө гана кудай алдында да, эл алдында да аз-маз болсо да кечирим болот.

Маектешкен: Аэлита Сатындиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: