Menu

“Дасмия” кафесинде Туйгуналы Абдраимов катышкан моңолдор уруусунун курултайы өттү

Бөлүшүү:

Качан болсо да шайлоо болордун алдында биз бирин муштумга бириккен урууданбыз дегендер оргуштап чыгат. Жакында эле Мамашовдун “Дасмиясында” моңолдор уй мүйүз тартып отуруп алышып, кыйла маселенин кабыргасын санашып, өздөрүнчө “стратегиялык пландарын” бекемдешти. Арийне, бул уруунун ичинен мыкты делгендери бар. Ошол эле Туйгуналы Абдраимов, генерал Мелис Турганбаев, экс-депутат Эсенгул Исаков, эски ишмерлерден Накен Касиевдер төрдөн орун алышып, акыл- насаатын ортого салышат. Бирок, алар бир чечимге келишип сыйлуу тарашты.

Ал эми солтолордун жыйынында негедир ич келишпестиктер болгонун теребелге неге жайылтышканы белгисиз. Чамасы солтолор ушундай ыркы жок эл болот дегенди атайын таратышкандай. Өткөндө кадимки Медеткан Шеримкулов бет карашпай калган эки эрди – Темир Сариев менен Аргынбек Малабаевди элдиштергени боюнча кабар желдей тараган. Демек, кандай болгон күндө да саясаттын илеби согулуп жатканы сокур кишиге деле байкалат. Колунда бар байлар ошентип малын чыгарып, дасторконду мол жайып өзүнүн ишин жасаганы эмнени каңкууламак эле? Албетте, саясаттын “ташын” өйдө көтөрүүгө эле болгон далалат десек андай эмес деп ким талаша алат? Эч ким. Күн деги жылып калды, демек мындан ары ири уруулар эле эмес майдалары дагын өзүнүн “туусун” көтөрүп чыкпайт деп кепилдикке бирөө да чыгалбайт. Ошентсе да мындай жөрөлгөнүн оң, терс жактары болорун да баса белгилеп коелу. Маселен, чогулгандардын баары эле сабырдуу, калыстыкты сүйгөн киши эместир? Арасында тентеги, жөнтөгү болорун кантип билбейбиз демекчибиз? Ошондуктан уруу ичинде маселе көтөрүүдө абайлаш керек. Ансыз да бириге албай бөлүнүп жаткан мезгилде бизге ыдыроонун зарылдыгы барбы.

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: