Швециянын Солне райондук соту терракт даярдоого шектүү деп кармалган Өзбекстандын эки жараны Давид Идриссон менен Бахтиер Умаров жана Кыргызстандын жараны Атабек Абдуллаевге карата өкүм чыгарды.
Сот Атабек Абдуллаевди терракт уюштурууга жана терроризмди каржылооuо тиешеси жок деп тапты. Давид Идриссон жети, ал эми Бахтиер Умаров жарым жылга эркинен ажыратылды.
Соттун айтымында, прокуратурада Атабек Абдуллаевдин террористтик топко тиешеси бар экендигинин далили жетишсиз болгон.
Буга чейин 2018-жылдын апрелинен октябрына чейин аталган иш боюнча Кыргызстандан жана Өзбекстандан чыккан беш жаран кармалгандыгын швед басылмалары кабарлаган. Алардын аз дегенде биринин Стокгольмдо 2017-жылы терракт уюштуруп, өмүр бою эркинен ажыратылган Рахмат Акилов менен байланышы болгон деп айтылган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ