Menu

Бейтапты алып бараткан тез жардам унаасы аварияга учурады

Бөлүшүү:

Бишкекте бейтапты алып бараткан тез жардам унаасы аварияга учурады. Кырсык 8-мартта кечинде Бишкектин Москва менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталып, Дэу үлгүсүндөгү унаа менен Ниссан үлгүсүндөгү тез жардам унаасы кагышкан. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматкери Тилек Оторов билдирди.

Жол кырсыктан эки унаанын айдоочулары, дарыгер жана эки фельдшер жаракат алып, ооруканага кайрылган.

«Дэу унаасын Бишкектин 18 жаштагы тургуну башкарып бараткан. Жол кырсыгы боюнча маалымат Бишкек шаардык жол транспорт кырсыктарын тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө»,- дейт Тилек Оторов.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: