Menu

Нурага бул жолу да көсөмдүгүн көрсөттү

Бөлүшүү:

Нурага — ​Казакстандын гана эмес, жалпы Борбордук Азиянын, дагы кененирээк алсак, жалпы Түрк дүйнөсүнүн кайталангыс көсөмү, чыныгы лидери. (Бул жөнүндө айтылчу сөздөр али алдыда деңизчи). Ал Казакстанды СССР кыйрагандан кийинки өткөөл мезгилден өзүнүн акылман саясаты, бай тажрыйбасы менен материалдык жана рухий зыяндарга учуратпай, аман-эсен алып өттү, өлкөнү ар тараптуу өнүгүүнүн жаңы жолуна салды.

Азыркы күндө Казакстан коомдук прогресстин ишенимдүү жолуна түшкөн, дүйнө саясатында өз орду бар түркий мамлекет болуп калыптанып бүттү десе болот. Казак элинин бай тарыхый тажрыйбасы менен Нураганын чыныгы лидерлик сапаттары шайкеш келгендиги үчүн ушул ийгилик жаралды. Мындай бакыт ар бир эле элдин үлүшүнө жазыла бербейт турбайбы.

Нурага тартипти бекем кармады — ​эң туура кылды. Чыныгы демократия деген бул анархия эмес, өлкө мыйзамдарын кынтыксыз аткаруу, эрежелерди сактоо, бийликке баш ийүү экендигин өз ишмердиги менен көрсөттү. Ал жеңил баа популизмге азгырылган жок, ички-сырткы тоскоолдуктарга карабай, өз өлкөсүн социалдык өнүгүүнүн магистралдуу жолун көздөй сүрөп отурду. Акыры, лидердин чыдамкайлыгы, эркинин бекемдиги, принципиалдуулугу өз натыйжаларын берди. Мынакей, коомдук-экономикалык илгерилөөнүн чоң жолуна түшкөн Казакстан Республикасынын куттуу байрагын кийинки муундардан өсүп чыккан жетекчилердин биринин колуна жарык жүзү менен тапшырганы туру!

Деген менен, Борбордук Азияда казак менен кыргыздын бир туугандыгындай, достугундай ыйык, ынак, жакын мамиле жок. Бул эки эл өздөрү курган Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп тармактуу мамиле, ырашкерлик бекем болуп, башкаларга бир туугандыктын өрнөгүн көрсөтө алган болсо гана тарыхтын аларга жүктөгөн вазипасын аткарган боло алышат. Кыргыз менен казактын бир туугандыгы — ​өзүнчө феномен. Бул табигый бирлик-бүтүндүктү түшүнүүдө, сактоодо жана өнүктүрүүдө, албетте, лидерлердин ролу абдан чоң. Нурага — ​өзүнүн алды жакты көрө билген көсөмдүк сапаттары менен казак-кыргыз бир туугандыгынын жаңы барактарын ачып, аны жаңы баскычка көтөргөн лидер. Анын эгемендиктин алгачкы жылдарында Бишкектеги Кыргыз филармониясынын залында, калдайган калың журттун алдында туруп айткан: “Мен кыргыз элин өзүмө абдан жакын көрөм. Казакстандын башына менден кийин кандай киши келет, бул туугандык-достук мамилеге кандай карайт, аны айта албайм. Кыргыз менен казактын бир туугандыгын түбөлүк бекемдөө жагынан жасай турган иштерибиз болсо, азыр жасап калалы” — ​деген маанидеги сөздөрү азыр да уккандардын эсинде. Бул катардагы саясатчынын кырдаалга жараша айта салган кеби эмес болучу. Бул чыныгы бир туугандын, чыныгы лидердин дилинин түпкүрүнөн чыкан сөз эле. Чыныгы казактын сөзү эле! Ошондуктан адамдардын көкүрөгүндө алиге унутулбай сакталып келе жатыры.

Нураганын ар бир жасаган кадамы, айткан сөзү дайыма терең ойлонулгандыгы, негиздүүлүгү менен айырмаланып келген. Нурага бул сапар да өзүнүн көсөмдүгүн көрсөттү деп айтаар элем. Ооба, Нурага чыныгы көсөмдүгүн көрсөттү! Нураганын бул чечими, буюрса, көп өлкө лидерлерине өрнөк болот, жол көрсөтөт деп ойлойм. Нураганын бул кадамы анын өзүнүн да Борбордук Азия гана эмес, дүйнөдөгү лидерлик, инсандык аброюн дагы бир баскычка бийиктетти. Ошону менен бирге эле, казак өлкөсүнүн, элинин да зоболосун көкөлөттү; эң жогорку бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп берүүнүн эң туура өрнөгүн көрсөттү. Ушунусу менен казак элинин рухун дагы бир жолу жандантып, эл аралык мартабасын дагы бир ирет көкөлөтүп салды.

Нураганын бай тажрыйбасы, жетекчилик харизмасы, улуттук жана эл аралык аброю мындан ары деле өз таасирин жоготуп койбойт, тескерисинче, анын лидерлик өзгөчөлүктөрү, көсөмдүк сапаттары, дүйнөлүк саясатка кошкон салымы жөнүндөгү чыныгы сөздөр эми ачык айтыла баштайт. Нураганын көсөмдүгун, лидерлик феноменин дүйнөгө таанытуу жагынан Борбордук Азия окумуштууларынын алдында зор милдеттер турат деп ойлойм. Айрыкча, казак, кыргыз коом таануучулары, саясат таануучулары, өз элинен чыккан көсөмдүн өмүр жолун, жашоосун, лидерлик тажрыйбасын, өтөгөн эмгектерин жалпы адамзаттык деңгээлге көтөрүп чыгууда активдүүлүгүн көрсөтүшү керек деген пикирдемин. Нурага — ​адамзаттын эң жогорку алкышына, сыйлыгына, урматына татыктуу лидер. Муну ар бирибиз билип, моюнга алышыбыз керек, сыймыктанышыбыз керек.

Нурагабызга чың ден соолук, кажыбас кайрат, узун өмүр тилейли. Дайыма бар болсун! Эң жогорку бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берүүнүн эң туура жолдорунун бирин көрсөткөндүгү үчүн ага миң таазим!

Сулaймaн Кaйыпов, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Сократ атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты, Европа Ректорлор клубунун мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: