Menu

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү.

Координациялык кеңеш консультациялык-кеңешме орган, анын максаты – адамдын жана жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоону камсыз кылуу механизмдерин өркүндөтүү, ошондой эле адам укугу жаатында эл аралык милдеттемелерди ишке ашыруу болуп саналат.

Координациялык кеңештин жыйынында төмөнкү маселелер каралган:

– Координациялык кеңештин 2019-жылга Иш планын аткаруунун жүрүшү жана Координациялык кеңештин 2018-жылы аткарган иштери тууралуу отчетун бекитүү;

– зордук жана ыктыярсыз жоголуулар боюнча БУУ жумушчу тобунун 2019-жылдын июнундагы сапарын уюштуруу, Кыргыз Республикасына БУУ атайын механизмдерин (Атайын баяндамачыларды) чакыруу тууралуу;

– Универсалдуу мезгилдик талдоого баяндама, Бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө эл аралык конвенцияга жана Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар тууралуу эл аралык пактка баяндамаларды даярдоо тууралуу.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Координациялык кеңештин 2018-жылы аткарган иштери тууралуу отчету бекитилди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине зордук жана ыктыярсыз жоголуулар боюнча БУУ жумушчу тобунун 2019-жылдын июнундагы сапарына даярдыктарды камсыз кылууну тапшыруу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасына БУУнун Өтө жакырлык боюнча атайын баяндамачысынын, Кулчулуктун заманбап түрлөрү боюнча атайын баяндамачысынын, Дин тутуу эркиндиги боюнча атайын баяндамачысынын жана Соттон тышкары өлүм жазасына тартуу боюнча атайын баяндамачысынын сапары уюштурулат.

Ошондой эле Универсалдуу мезгилдик талдоого сунушталуучу Кыргыз Республикасынын үчүнчү улуттук баяндамасын, Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар тууралуу эл аралык пактка жана Бардык эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укуктарын коргоо жөнүндө эл аралык конвенцияга баяндамаларды даярдоо боюнча жооптуу органды аныктоо тууралуу чечим кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: