Menu

Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн кеңешчиси аны камакка алуу чечимине каршы даттанган

Бөлүшүү:

Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн кеңешчиси, мас абалында рулда отурган Марслатбек Шералиевдин иши Талас облустук сотунда каралды. Бул тууралуу унаа кырсыгынын кесепетинен каза болгон Аскат Асыкуловдун туугандары журналисттерге билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 11-августта облустук сотто М. Шералиевдин аппеляциялык арызы каралды. Буга чейин Талас райондук соту ыйгарым укуктуу кеңешчини 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Шералиев Талас облустук сотуна камакка алуу чечимине даттануу менен кайрылган. Бүгүн саат 15.00дө анын аппеляциялык арызы каралып, жыйынтыгында Талас райондук сотунун чечими күчүндө калды.

Эскерте кетсек, 30-июль күнү Талас шаарында “Toyota Foranner” унаасынын айдоочусу велосипедчи 1994-жылы туулган А.Асыккуловду сүзүп кеткен. Ал оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Унааны Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн кеңешчиси Марслатбек Шералиев айдап бараткан. 31-июль күнү эртең менен велосипедчи көз жумган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: