Menu

Түркмөн бийлиги Иранга көңүл айтып, бирок өз өлкөсүндөгү сел тууралуу үн каткан жок

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын өкмөтү Ирандагы суу ташкынына байланыштуу коңшу өлкөнүн элине тилектештик билдирип, бирок өз аймагындагы селден жабыркаган түркмөн жарандары тууралуу ооз ачкан жок.

18-19-март күндөрү Түркмөнстандын батышындагы селден улам Сердар жана Берекет шаарлары, ошондой эле Балкан облусундагы ондогон айыл жабыркаган.

Түркмөн бийлиги менен мамлекеттик маалымат каражаттары өлкө аймагындагы бул жаратылыш кырсыгы тууралуу эч кандай маалымат беришкен жок.

Учурда Берекет шаарынын бир бөлүгүн дале болсо ылай аралаш суу каптап турат.

«Көчөлөрдө жана суу каптаган имараттарда 70 сантиметр калыңдыкта ылай турат. Адамдар жугуштуу оорулардын жайылуусунан кооптонуп жатышат. Шаардын бул бөлүгүндөгү мекемелер менен ишканалар жабык турат», — деп жазды «Азаттыктын» түркмөн кызматы.

Суу ташкынынан зыянга учураган үйлөрдүн тургундары өздөрүн убактылуу турак-жай менен өз алдынча камсыз кылууга мажбур болушууда. Алардын көбү туугандарыныкында же тааныштарыныкында жашап жатышат.

2017-жылы августтун ортосунда дагы Түркмөнстандын Ахал жана Балкан облустарынын бир нече району селден жабыркаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: