Menu

Табылды Акеров: “Атамбаев жеке амбициясынын айынан борттун сыртында жалгыз калды”

Бөлүшүү:

17-март күнү Кыргызстан эли Аксы окуясында курман болгон инсандарды эскерип, алардын урматына куран окутулду. Адаттагыдай эле мамлекет башчысы С. Жээнбеков Аксы жергесине барып, бул эскерүү күнүнө арналган иш-чараларга катышып сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө «Ошол күндөрү аксылыктардын биринчилерден болуп үй-бүлөлүк, кландык башкарууга каршы чыгышы, үй-бүлөлүк, кландык башкарууга каршы туруунун башаты болуп калды» деди.

Бул окуялар Кыргызстанда кийинчерээк болуп өткөн эки революцияга дем берген. Кыргыз эли Аксы окуясында эркиндикти сүйгөн, керек болсо ал үчүн жанын да аябаган эл экендигин дүйнө коомчулугуна далилдеди. Аксы окуясынын тарыхый мааниси мына ушунда” деп билдирди мамлекет башчысы. «Аксы окуялары адамдардын аң-сезиминде улуу бурулуш жасап, өлкөдөгү жаңы өзгөрүүлөргө жол ачты. Адилетсиздикке жана мыйзамсыздыкка каршы жалпы элдик күрөштүн башаты болуп калды. Үй-бүлөлүк кланга каршы күрөштүн башында турган адам катары, үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм!», — ​деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал хадиске кайрылып, «Акыйкат коом деп, Кудайдан корккон коом аталат. Ал адам баласынын жашоосундагы эң мыкты коом деп таанылат» деди. «Биз дал ошондой таза, укуктук жана акыйкаттык өкүм сүргөн, мыйзамдарды сыйлаган коомду курабыз» деп ишендирди президент.

17-марттагы Аксы окуяларында курман болгон жаштарды эскерүүгө байланыштуу иш-чаралар Ала-Тоо аянтында да өттү. Ага спикер Д. Жумабеков, премьер-министр М. Абылгазиев, президенттин аппарат жетекчиси Д. Эсеналиев, экс-президент Р. Отунбаева, ЖКнын депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, коомдук ишмерлер жана башкалар келип, жалпы эл менен бирге катышышты. Аксы окуясындагы курман болгондорду эскерип, куран окутулду.

Кыргызстандын бүтүндөй саясий элитасы биригип, бул окуяларды чогуу-чаран эскерип жатканда, экс-президент Алмазбек Атамбаев эле алардын арасынан көрүнбөдү. Себеби, Атамбаев 17-март эскерүү күнүн өзүнүн офиси «Форумда» өткөрөөрүн жарыя кылган. Муну менен ал өзүнүн Кыргызстанда али да болсо чоң таасирдүү саясатчы экенин көрсөткүсү келген. Ошого алдын ала «Форумдагы» эскерүү иш-чараларына өтө көп саясатчылар, бийлик адамдары, депутаттар, коомдук ишмерлер катышышат деп билдирилген. Иш жүзүнө келгенде, анын баары жөн эле сөз болуп чыкты. Атамбаевди колдогон саясатчылар тургай, экс-президент А. Атамбаевдин эң жакын адамдары делген Ф. Ниязов баштаган адамдар анын жанында, аны менен бирге олтурбай, оолактап жүргөнү байкалды. Атамбаевдин жанында депутат И. Карамушкина, депутат М. Мадеминов, саясатчы Р. Жээнбеков, А. Турдукулов, Кылыч Султан турду. А. Атамбаев сөз сүйлөп, кандайдыр бир жаңылык киргизгендин ордуна, баягы эле ич күптүүлүгүн айтып, 10 граммдык стаканга коньяк ичээрин, жаңылып- жазганын айтып, эскини эскерип, чоң үшкүрүк менен чоң өкүнүчүн, жеке таарынычын айтып алды. С. Жээнбековду бийликке адашып алып келип алыптырмын деп, элден кечирим сурап, парламентти болсо «чимкирик» деп атады. Мына ошондон улам, Атамбаевдин билдирүүлөрү, ал 17-мартты пайдаланып, ага жамынып, дагы бир жолу өзүнүн бийликке, С. Жээнбековго, парламентке болгон жеке таарынычтарын айтып алгысы келгенин айгинелеп койду десек жаңылбайбыз.

17-мартта бул кыргыз журтчулугу үчүн өтө эле оор бир көрүнүш катталды. 17-мартта Кыргызстандын жаамы журту, калың эл ошол күнү авторитардык, кландык, бир үй-бүлөнүн башкаруусуна каршы чыгып, окко учуп курман болгондорду эскерип жатканда, Атамбаев ошол күнгө жамынып, жеке өзүнүн кызыкчылыгында бийликке таарынычын айтып жатышы, эч бир акылга сыйбас көрүнүш болуп калды. Бул кылыктары менен ал өзүнүн Кудай арбактарды сыйлоо, элди сыйлоо деген түшүнүктөрдөн оголе алыс экенин көрсөтүп койду.

Албетте, өлкөдөгү бүгүнкү абал Атамбаев үч уктаса да түшүнө кирген эмес. Атамбаев өзү чийип алган долбоор боюнча, ал бийликтен кеткенден кийин, башкача айтканда президенттик шайлоолордон кийин деле бийлик анын колунда болот деп ойлогон. Атамбаев өлкөнү резиденцияда, анын достору салып берген особнякта олтуруп алып башкара берем деген. Бардык документтерди ага алып барышып, анын макулдугунан кийин гана президентке, парламентке жөнөтүлүп турат деп, өзүн Кыргызстандын толук кандуу кожоюну катары элестеткен. Атамбаев Борбордук Азияга революциянын жалынын, саамалыгын жайылтуучу бирден бир революционер, регионалдык лидер, борборазиялык Че Гевара катары таанылып, элдин эсинде дал ошол элесте сакталып калгысы келген.

Бирок, мунун баары анын кыялдарында гана калган. Шайлоолордон кийин С. Жээнбеков өлкөнү өз жолу менен өнүктүрүүгө өттү, өзүнчө аракеттенип кетти. Кыргыз парламенти коомдун жана элдин алдындагы өз милдеттерин аткарууну улантты. Мыйзамдарды чыгарып, саясий жана экономикалык процесстерди жөнгө салууга катышып, аракеттенип жатты. Атайы комиссия түзүп, ТЭЦ боюнча аварияны изилдеп, күнөєлүүлөрдү аныктап чыкты.

Атамбаев буга чейин деле президент С. Жээнбековго асылып келген. Бирок, С. Жээнбеков анын деңгээлине түшпөй, ага эч көңүл бурбай, өз аракетинде, алдына коюлган максаттарды, милдеттерди ишке ашыруу менен алектенип келди. Бул жолу Атамбаевдин бүтүндөй бир өлкөнүн парламентине, жалпы депутаттык корпуска асылып, маскаралоо иретинде аларды «чимкирик» деп аташы, таптаза эле чектен чыккандык болуп калды. Мына ошого карата ал тийиштүү жооп алды. Спикер Д. Жумабеков парламенттин атынан Атамбаевге кайрылып, ачык эле бул парламент анын мезгилинде чакырылганын, аны менен тыгыз иштешкенин, учурунда бийлик тарабынан парламентке басым болуп турганын, бир топ чечимдер басымдын негизинде кабыл алынганын айтты. Бирок, аткаруу бийлиги, Атамбаев чоң-чоң кызматтарга койгон анын жакындары, кадрлары коррупцияга аралашып, өлкөнү карызга белчесинен батырып, миллиондор уурдалып кеткенин эсине салды. Өкүнүчтүүсү бул көрүнүштөр Атамбаев бийликтен кеткенден кийин, ЖК ТЭЦтеги авария боюнча түзгөн комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыктарынын негизинде билинип олтурганын билдирди. Эми ар бир кылмыш кылган адам өз жазасын алуусу тийиш экенин да белгиледи.

Ойлоп көрсөм, Атамбаев кызматын өткөрүп берген акыркы бир жылдын ичинде президент, парламент, КСДП фракциясы, КСДП партиясынын жөнөкөй катардагы мүчөлөрүнө чейин асылып, тил табыша албай, конфликтте болуп келиптир.

Тагдырдын жазмышыбы, же кокустукпу, ким билет? Айтор, 17-мартта А. Атамбаевдин «Ала-Тоо» аянтында элдин арасында жок болуп калышы, анын саясий элитадан таптакыр бөлүнүп, элден чыгып калганынан кабар бергенсип турат.

Эсиңиздерде болсо, экс-президент А. Атамбаев бийликте кезинде 2016-жылы 31-августта дал ушул «Ала-Тоо» аянтында доклад жасап жатып, өзүнүн 7-апрель революциясы боюнча үзөңгүлөштөрү экс-президент Р. Отунбаеваны «самозванка» деп, бардык убактылуу өкмөттү чогуусу менен маскара кылууга аракет кылып, бөлүп-жарып, бийликти монополиялап алууга, узурпациялоого умтулуп жатканын ачык көрсөткөнү али унутула элек.

Ал эми бүгүн болсо, 2019-жылдын 17-мартында президент С. Жээнбеков эл башында, экс-президент Р. Отунбаева жана убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү эл арасында, журт арасында болуп жатканда, Ала-Тоону жаңырта кыйкырып, айкырып ошол кездеги президент Р. Отунбаеваны, УӨтү омуролоого алган экс-президент А. Атамбаевдин өзү элдин арасынан көрүнбөй турду.

2019-жылдын 17-марты Атамбаев кабылган бүгүнкү абалга эч ким күнөөлүү эмес экенин көрсөттү. 17-мартта «Форумда» болгон иш-чара экс-президент Атамбаев Президент С. Жээнбеков башында турган Кыргызстан деген кемеге туура түшө албай, чалынып алып, жалгыз калып, борттун сыртында калганын даана айгинелеп турду. Бул күн Атамбаев жеке амбициясынын айынан жалгыз калганын көрсөттү.

Бул өтө өкүнүчтүү. Жаманбы, жакшыбы өлкөнү алты жыл башкарды. Алты жыл эл аны көтөрмөлөдү, сыйлады, коркту, чыдады. Бүгүн болсо, ал конфликттин булагы болуп калды. Мындай болот деп эч ким элестеткен эмес. Бул өтө өкүнүчтүү.

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: