Menu

“Коопсуз шаардын” экинчи этабы: ири шылуундукпу?

Бөлүшүү:

Борбор калаадагы азабы да, түйшүгү да арбын «Коопсуз шаар» долбоору башталбай жатып, чиновниктер анын «экинчи этабына» сынак жарыялаш керек деп жыландын башын кылтыйтышууда. Талаш жок, биз бул маселеде кошуналарга караганда, алтургай Тажикстан менен Казакстандан абдан эле артта калып кеттик. Бирок бул арабаны аттын алдына коюп алып чуркаш керек дегенге шылтоо боло алабы?

Байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин атка минерлери баягы эле схема боюнча экинчи тендер өткөргүлөрү келип жатканын айтып чыгышты. Алтургай, жакында эле бул боюнча «коомдук угууларды» да өткөрө салышты. Ош шаарына жана өлкөнүн калк жашаган башка пункттарына, кан жолдордун жээгине камералар орнотулат дешти. Кеп мында чет элдик инвестор компания бул жолу биздин айдоочулардын капчыгынан айып пул катары 24 миллион долларды сыгып аларында турат. Мында албетте, мамлекет да өз үлүшүн кошумча чыгарып алмакчы.

Бул ишти негизи – өзүбүздүн эле адистер жасаганда, акча Кыргызстандан тышка кетмек эместигин айтып деле кереги жок. Мамлекеттик комитет болсо: өзүбүздүн колдон эч нерсе келбейт, жасай албайбыз, андыктан урматтуу инвесторлор, мунун баарын силер бүтүрүп бергиле деген позицияны көшөрө карманып турат.

Мындай мамилеге каршы чыгуу жөнөкөй эле: эмнеликтен биринчи этаптын кандай өтөрүн карап көрүүгө болбойт, эске ала турган кандай тымызын тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн, ошого жараша иш тутуу керек болчу. Байкалбаган тоскоолдуктар күтүлбөгөн жерден чыга келиши турган кеп эмеспи. Маселен, камералар иштеп баштаган биринчи эле күнү система «Тез жардам» машинасын аныктай албастыгы түшүнүктүү болду. Алардын айдоочулары, эгерде кеп адамдын өмүрүн сактап калуу туурасында болуп жатса, жалпы эрежелерге баш ийбей (төбө чырактарын жандырып алып же атайын сигналдарды пайдалануу менен) айдоого укугу бар. Бирок айып пул «Тез жардамга» да келе баштады.

Учурда негизги маселе -жазылган айып пулдарды чогултуу канчалык ийгиликтүү ишке ашып жатат? Анткени мамлекет аны толук көлөмдө чогултууну камсыз кыла албаса, анда инвестор менен чоң чатак жаралышы мүмкүн. Инвестор анын башын айлантып жатышканын түшүнөөр замат эле орноткон камераларын кайра чогултуп алат да, жолуна түшүп кете берет. Бул болжолу менен жарым жыл ичинде белгилүү болот. Эки эсе чуулгандуу жаңжалды болтурбай коюу үчүн күтүп туруу зарыл, мунун жок дегенде, Бишкекте кандай иштээрин карап көрүү керек. Ошентип системаны жөндөп алуу керек. Биринчи этапты
жакшылап талдап чыккандан кийин гана анын натыйжасын эске алуу менен жаңы тендерди жарыялоого болмок.

Бирок «тендер» деген сөздү укканда эле биздин атка минерлердин тулку бойлору дуулдап, колдору калтырап кетет эмеспи. Мындан артык кулакка угумдуу сөз болобу! «Коопсуз шаарга» жарыяланган тендерди эки жолу тең тыңгылыктуу өткөрө албагандарын эске алганда, эми бул жолкусу ойдогудай өтөөрү да күмөн жаратат. Бирок шылуундукка окшошсо да, тендерди баары бир өткөрүшөт дечи.

Анткени эл төлөгөнгө чамасы жок айып пулдан (бир айдоочу сөрөй Бишкек-Торугарт жолунан бир эле жолу жүрүп, 24 миң сомго айып пулга жыгылган) онтоп баштаган так ошол мезгилде Жогорку Кеңешке шайлоо да келип калат. Айып пулду кечириш керек деген саясатчылар чыгат. Ал го мейли, бирок инвестор жумшаган акчасын чыгарып алышы керек… Дагы бир чоң чатак чыга турган кыртыш ушул жерде жатат. Ким ким болсун, бирок биздин чиновниктер мындай жаңжалдарга жедеп көнгөн эмеспи.

Азамат Кангелдиев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: