Menu

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Беларуста КМШнын Экономикалык кеңешинин астындагы экономикалык маселелер боюнча Комиссиясынын Биргелешкен жыйынына катышты

Бөлүшүү:

Беларусь Республикасында Кыргыз Республикасынын КМШга уставдык жана башка органдарда Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси катары өзүнүн дипломатиялык миссиясын аяктап жаткан Кубанычбек Өмүралиев 2019-жылдын 26-мартында  КМШга уставдык жана башка органдардын астындагы Шериктештиктин катышуучу-мамлекеттеринин туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана КМШнын Экономикалык кеңешинин астындагы экономикалык маселелер боюнча Комиссиясынын Биргелешкен жыйынына катышты.

Элчи К. Өмүралиев КМШнын Аткаруу комитетинин Туруктуу өкүлдөрүнүн Кеңешинин мүчөлөрүнө, жетекчилигине жана кызматкерлерине КМШнын алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө жана Шериктештиктин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен жигердүү ишине ыраазычылык билдирди.  КМШга суроо талап бар жана ал чоң дараметке ээ экендигине ишенет.

Көп жылдаган жана КМШны бекемдөө боюнча жемиштүү аткарган иштери үчүн К.Өмүралиевге КМШнын Аткаруу комитетинин Грамотасы жана куттуктоо каты тапшырылды.

КМШнын Аткаруу комитетинин Төрагасы-Аткаруучу катчысы С.Лебедевдин куттуктоо катында Элчи К.Өмүралиевдин тарабынан Кыргыз Республикасынын КМШдагы төрагалыгы учурунда Шериктештикти бекемдөөгө чоӊ салым кошкондугу белгиленген. Туруктуу өкүлдөрүнүн Кеңешинде Элчи К.Өмүралиевдин төрагалыгы алдында азыркы талаптарга шайкеш келтирүү жана ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталган КМШнын негизги документтери иштелип чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: