“Эгер Фарид Ниязовду жоопкерчиликке тартуу керек болсо аны квартираларды мыйзамсыз бөлүштүрүү фактылары боюнча жоопко тартуу керек…
Мен билгенден бул фактылар боюнча укук коргоо органдары атайын текшерип, мыйзамсыз берилип кеткен квартиралар кайра артка кайтарып алынган, бирок Фарид Ниязовдун ал кылыктарына укуктук баа берилген эмес.
Фарид Ниязовдун Апрель окуяларынан жапа чеккен Чегирткеевдин дарылануусуна бөлүнгөн акчаны кайра артка алып коюшу – бул адамгерчилик эмес”, – деп билдирди бүгүн, 29-мартта 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Эмил Каптагаев өзүнүн Fаcebook баракчасында.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ