Өзбекстан ооган өкмөтүнө «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү менен Самарканд шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу иш сапар менен Кабулда жүргөн Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов билдирди.
31-мартта Абдулазиз Камилов башында турган Өзбекстандын өкмөттүкделегациясын Ооганстандын президенти Ашраф Гани кабыл алды. Анда тараптар экономикалык маселелер жана инфраструктуралык долбоорлор менен катар тынчтык жараяны тууралуу дагы сүйлөштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ашраф Гани ооган өкмөтү «Талибан» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин белгилеп, жолугушууну Самарканд шаарында өткөрүү сунушу үчүн өзбек делегациясына ыраазычылык билдирди.
Өзбек делегациясынын мүчөлөрү Ооганстандагы тынчтык үчүн кызматташууга жана өлкөнүн экономикалык тармагына жардам берүүгө даяр экенин белгилешти.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ