Menu

Фото — Өлкөдөгү эпидемиялык кырдаалды талкуулоо боюнча чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында мамлекеттик органдардын жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү.

Видеоконференция  форматында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөдөгү азыркы эпидемиологиялык кырдаал боюнча маселе каралды.

Короновирус инфекциясынын мындан ары жайылуусуна жол бербөө жана калкка медициналык жардам көрсөтүү боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов отчет беришти.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Кубатбек Боронов сөз сүйлөштү.

Президент Сооронбай Жээнбеков кырдаалдын мындан аркы өнүгүшүнө анализдин жана божомолдун жоктугу, акыркы күндөрү калк арасында паникага жол берилгендиги, жарандарга алгачкы медициналык жардамдын, профилактикалык иш-чаралардын жоктугу үчүн Өкмөттү жана Саламаттыкты сактоо министрлигин сынга алды.

Мамлекет башчысы ыктыярчылардын координациясын күчөтүү керектигин баса белгилеп, дарыгерлерди тамак-аш менен камсыз кылуу жана айлык акыларын өз маалында төлөп берүү маселесине да токтолду.

Ал азыркы убакта Саламаттыкты сактоо министрлигинин биринчи кезектеги милдети бейтаптарды ооруканалар менен обсервацияларга өз маалында кабыл алуу жана жайгаштыруу экенин белгиледи. Калк арасында санитардык ченемдерди сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштерин улантуунун мааниси тууралуу айтты.

Президент Бишкек шаарында күндүзгү стационарлардын ачылышына оң баасын берди жана Республикалык штабга ал жайларда медицина кызматкерлеринин санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн  караштырууну сунуш кылды.

Мындан сырткары, Республикалык штабга облустар аралык транспорттук каттамдарды токтотуу жана той-топурларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Азырынча жалпы өлкө боюнча өзгөчө абал киргизүү маселеси карала электигин баса белгилеп, Мамлекет башчысы жер-жерлердеги жетекчилер тарабынан киргизилген санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик чектөөлөрдү бардык жарандар жана экономика субъектилери милдеттүү түрдө аткарышы керектигин эске салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков мекендештерди коронавирус менен күрөшүүдө дагы бир жолу жарандык жоопкерчиликке чакырды.

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы менен бир катар чечимдер кабыл алынды.

   

   

   

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: