Menu

HRW Путинге каршы пикетке чыккан жубайлардын кылмыш ишин токтотууга чакырды

Бөлүшүү:

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстанды Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы Бишкекте нааразылык акциясына чыккан Нурлан Карымшаков менен анын жубайы Гүлзана Имаевага каршы козголгон кылмыш ишин жабууга чакырды.

Кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан HRW укук коргоо уюму 29-мартта жарыяланган билдирүүсүндө кайсыл бир адамга, анын ичинде Путин сыяктуу президент же саясий ишмерге карата терс пикир айтуу, ал өлкөнүн калкына карата улут аралык кастыкты козутуу болуп эсептелбей тургандыгы белгиленген.

Активисттер Владимир Путин Кыргызстанга келерден бир күн мурун 27-мартта Бишкектеги орус элчилигинин астына пикетке чыгышкан. Алар колдоруна «Путин – агрессор, канкор» жана «Ысык-Көлдө Путиндин торпедаларына жол жок» деген жазуусу бар плакаттарды кармап турганда милиция кармап кеткен. Кийин аларга «улут аралык кастыкты козутуу» айыбы тагылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: