Menu

Украинада президенттик шайлоо өттү

Бөлүшүү:

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 0,17% добушун эсептеп чыкты. БШКнын маалыматы боюнча Петр Порошенко 24,76%, Владимир Зеленский – 23,60%, Юлия Тимошенко – 17,07% добуш алды.

Украина президентин тандоого шайлоочулардын 63,48 пайызы катышты. Бул мурдагы жылдардагы (2014 – 66,04%, 2010 – 66,76%) добуш берүүлөргө караганда бираз аз.

Шайлоо 31-мартта өттү. Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы 39 талапкерди каттаган. Кийинчерээк алардын экөө саясий өнөктүккө катышуудан баш тарткан. Бирок БШК аларды рекорддук узундуктагы бюллетенден чийүүгө үлгүргөн эмес.

Экзит-полдордун жыйынтыгы боюнча бир дагы талапкер биринчи тур менен жеңишке жетише алган жок. Бул үчүн алардын бири шайлоочулардын 50% ашык добушун топтошу керек эле.

Бирдиктүү улуттук экзит-поллдун жыйынтыгына ылайык, Зеленский жалпы добуштардын 30,4 пайызын, Порошенко болсо 17,8 пайызын алды. Ал эми оппозициялык “Батькивщина” партиясынын лидери Юлия Тимошенко 14,2 пайыздай гана добуш топтоду.

​Украина ИИМинин башчысы шайлоочулардын добушун сатып алуу учурлары болгонун билдирди. Арсен Аваковдун маалыматына караганда, 4300 мыйзам бузуу катталган, алардын 299у боюнча кылмыш иши козголгон. Саясат таануучу Геннадий Чижов Одессада добуш берүүдөн баш тартуу үчүн шайлоочуларга акча сунушталып жатканын кабарлады.

Украинадагы шайлоого көз жүгүртүү үчүн 17 өлкөдөн, 19 эл аралык уюмдан 2400 эл аралык байкоочу каттоодон өткөн. Алардын арасында Орусия жарандары жок. Жогорку Рада бул өлкөнү “агрессор мамлекет” деп атап, байкоочуларын каттоодон баш тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: