Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары Карамат Орозова менен Анвар Артыков 6-апрель күнү мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өтө турчу партиянын съездине катышат. Бул тууралуу партиянын өкүлү Таалайбек Усубалиев билдирди.
Анын айтымында, XVIII съездге ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын депутаттары Сейитбек Абдырахманов жана Эрнис Докеновдор катышмакчы.
Таалай Усубалиев съездге баардык региондордон жалпысынан 180 делегат катышаарын кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин КСДП оппозицияга кетип жаткандыгын расмий түрдө билдирген. Ал эми КСДПнын парламенттик фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов 3-апрелде партиянын съездин чакырып жаткандыгын билдирген. КСДПнын саясий кеңеши бул чечимди мыйзамсыз деп атаган.
Ушуну менен, Бишкекте 3-апрелде жана 6-апрелде КСДП партиясынын эки альтернативдик съезди өтөт. Эртеңки форумдун күн тартибинде саясий уюмдун жетекчиси Алмазбек Атамбаевди төрагалыктан кетирип, лидерди алмаштыруу маселеси коюлган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ