Бишкекте эки тараптуу пневмониядан хирург-проктолог Турат Кулжабаев көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары журналисттерге билдирди.
Алардын айтымында, Турат Кулжабаев Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүндө хирург болуп иштеген.
“Ага эки тараптуу пневмония диагнозу коюлган. Илдеттен улам анын өпкөсүнүн 50 пайызы жабыркаган. Ал №1 шаардык оорукананын реанимация бөлүмүндө жаткан. Турат Кулжабаев 45 жашта болчу”, – деп белгилешти алар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ