Menu

Алмазбек Атамбаев жалпы билим берүүчү мектеп курулчу жерге капсула коюу аземине катышты

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев кечээ, 29-августта, Бишкек шаарында жалпы билим берүүчү мектеп курулчу жерге капсула коюу  аземине катышты. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Иш чарага  “Газпром” компаниясынын  башкармасынын төрагасы Алексей Миллер, «Газпром Кыргызстандын» башкы директору Болот Абилдаев жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов дагы катышышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө  бул  кайталангыс, дүйнөлүк деңгээлдеги мектеп болоорун белгилеп, борборубузда мындай мектептер көп болсо деген  ишенимин билдирди.

“Мен мектептин долбоорун карап чыктым, бир  мезгилде Кыргызстанда мындай мектептер көп болот деп ишенем. Азырынча бул дүйнөлүк деңгээлдеги, дүйнөлүк класстагы алгачкы мектеп. 1 млрд 200 млн рубль капиталдык салым жумшоо пландаштырылууда. Албек Сабирбекович,  Бишкектин бардык  аймактарында эң кур дегенде ушундай мектептерди салыш үчүн  инвесторлорду издешибиз керек деп ойлойм. Бул жакшы саамалык”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент  “Газпромго” “Кыргызгазды” сатуу тууралуу чечимди өлкөдө кандай сындашканын эске салды. “Сиздер келээр алдында  мен  “Кыргызгазды” бардык проблемалары,  дат баскан түтүктөрү, карыздары менен “Газпромдун” инвестицияларынын ордуна берүү жөнүндө маселени кандай кылып көтөргөнүбүздү эстедим. Мага кандай чабуулдар болгону эсимде, -деди Алмазбек Атамбаев.-  Биздин баштаган  көп иштерибиз, катуу сынга туш келгени  менен,  негизи туура болгонун арадан өткөн жылдар ырастады.  Анткени азыр   Кыргызстандын жетекчилери, Өкмөт  жаңы жылды күтүп, кошуна  өлкөлөрдүн Өкмөтүндө түнөбөй калган. Тилемчидей болуп газ сурабай калышкан, талаш аймактарын бербей калган”.

Мамлекет башчысы  «Кыргызгазды» «Газпромго» берип жатканда өлкөбүз Өзбекстандан сатып алып жаткан газдын баасы 250-280 доллар экендигин көпчүлүк унутуп баратканын белгиледи. Бүгүн газ 150 доллар турат, балким наркы мындан дагы төмөндөшү мүмкүн. “Негизгиси  бул чечим энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүүдөгү жалпы  комплекстин  түйүндүү маселеси  эле. Бизге көп инвесторлор келген. Анын ичинде Россиядан дагы келишкен. Бирок “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллердей ишенимдүү, абийирдүү инвесторду көргөн жокмун.  Биздин өлкөбүзгө жасап жаткан иши үчүн компанияга чын дилимден ыраазычылык билдиргим келет”,-деди  Президент.

Алмазбек Атамбаев  жылдын акырына чейин өлкөдө 20 миң үй газдаштырылаарын белгиледи. Мындан тышкары өлкө боюнча спорттук комплекстердин курулуштары жүргүзүлүп жатат. Ал спорт комплекстердин бири өткөн жылы  өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын көркү болгон.

“Биз бул кайталангыс мектеп дагы курулаарына көзүбүз жетет. Мен мектепти дал ушу Бишкекке курууну  сурангам, анткени борбордо мектептер жетишпейт. Бишкекте жолдор проблемалары бар эле.  Мына, жылдын акырына чейин 100  көчө ремонттон өткөрүлөт, жолдордун чиеленишкен жерлеринде айрылыштар курулат. Эмки проблемалардын бири – мектептер. Албетте, Бишкек ооруканаларын дагы тартипке келтиребиз”,-деди Мамлекет башчысы.

Президент  1-декабрда президенттик мөөнөтү аяктап жаткандыгын эскертти. “Көп иштерди аткарууга ачыгын айтканда жетишпей калдым, анткени ал кездеги туруксуз абал эсиңиздерде бардыр. Алты жыл мурдагы абалды айтпай эле коелу, акыркы ирет Ак үйдү алабыз деп аракеттенгенден бери 4 жыл  өтө элек. Бүгүн өлкөдө тартип орногон. Мурда бүт райондун светин өчүрүп, бүтүндөй областтын газын өчүрүп салганына азыр ишениш кыйын. Мунун баарын элестетиш кыйын. Албетте, алты жылдын аралыгында канча  күч аракет жумшалды, канча ден соолук кетти. Кудайга шүгүр, конкреттүү жыйынтыктар бар. Алексей Миллер, Россиянын Президенти, менин досум Владимир Путин сыяктуу досторубуздун аркасы менен көп иштер жасалды. Көптөгөн өлкөлөр бизге жардам беришти. Россия да, Кытай да, Евросоюз дагы. Муну унутканга болбойт”,- деп Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга ишенип, өлкөгө инвестиция салгандар өкүнбөсүн кошумчалады.

Кыргызстандын Президенти “Газпром” компаниясынын жетекчилиги менен өлкө ишенимдүү өнөктөш гана болбостон, ишенимдүү дос катары дагы  мамиле күткөндүгүн баса белгиледи.  Алмазбек Атамбаев жалпы элдин атынан  мектептин курулушу сыяктуу мыкты белеги үчүн компанияга терең ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде  “Газпром” компаниясынын башкармасынын төрагасы Алексей Миллер компаниянын ишмердигине жогору баа бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, республиканын жетекчилиги тарабынан компаниянын алдына койгон максаттар жана милдеттер мындан ары дагы сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүлөт деп ишендирип кетти.

Иш чаранын  жүрүшүндө Президент өлкөнүн газ транспорттук газ жана  бөлүштүрүү системасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого кошкон олуттуу салымы жана  социалдык долбоорлорду ишке ашыргандыгы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: