2020-жылдын 1-октябрына карата майыптуулук фактысын белгилөө боюнча ырастоодон 29728 адам өткөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5 % аз (1402 адам) азайды. Бул туралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, майып деп эсептелген жарандардын саны 4,6% (1401адам) кыскарган, алардын ичинен биринчи жолу майып деп эсептелгендердин саны 20,5% кыскарган (1672 адам), майыптыгы кайрадан белгиленгендердин саны – 1,2 % (271 адам) көбөйгөн. Отчеттук мезгилде 27059 ДМЧА реабилитациялоонун жеке планы (РЖП) толтурулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ