Menu

Кыргыз милициясынын күнүнө карата: Ишеним жана туруктуу максатты туу туткан Нурбек

Бөлүшүү:

Ички иштер кызматы көп тармактуу, көп багытуу орган. Ар биринин өзүнүн аткарган иши, жасаган жумушу бар. Бүгүнкү биздин каарман Фермабек уулу Нурбек, Токмок ШИИБнүн убактылуу кармоочу жайынын кызматкери, милициянын сержанты. 

Өзүнүн ишин жаңы баштаган Нурбек тажрыйба топтоп, такшалып чыгып, чынар терек болуусуна дагы далай суунуну кечип өтүүсү керек. Бирок, каарманыбыз ал татаал жолду багындыруу үчүн тайманбастыгы, эрктүүлүгү менен айырмалана алаарын байкадык.  

Чырпык өсүп чынар болоор…

Милиция кызматында иштегендердин көпчүлүгү өз каалоосу, кыялынын арты менен бул кызматка келсе, айрымдары кокусунан келип, ийгиликтерге жетише алган. Демек тагдырдын буйругу менен ушул ишти аркалап калган соң,  коомго кандайдыр бир пайдаңды тийгизүү сенин милдеттериңдин бири. Бүгүнкү биздин жаш каарман Нурбек убактылуу кармоочу жайга иштеп калганына аз эле убакыт болду. Бирок анын жаш жүзүнөн, өрт болуп күйүп турган көзүнөн, өз кызматын абдан жакшы көрөрүн байкадык. “Көзүнөн оту жанган адам экен”- деп коюшат эмеспи кыргызда. Нурбек дагы так ошондой жигиттерден экендигинде шек жок. Көзүндө оту, көөдөнүндө деми бар жигит мектепти аяктаган соң аскерге кетет. Аскерден келгени дароо ички иштер органына кызматка орношот. Алгач Кайгуул күзөт кызматында иштеп, андан кийин өзүнүн азыркы кызматына которулган.

Оңой жумуштун опосу жок…

Убактылуу кармоочу жайда иштөө билген кишиге оор. Жеңил жумуш, жеңил оокат жок экенин бардыгыбыз жакшы билебиз. Талыкпаган эмгек жана өжөрлөнгөн эрк гана адамды бийиктерге көтөрүп, ийгиликтерге жеткирет.  Убактылуу кармоочу жайда ар кандай адамдар олтурат. Негизинен дээрлиги кылмышкерлер жана кылмышка шектүүлөр. Айрымдары уурдоо, айрымдары, тоноо, айрымдары киши өлтүрүү боюнча камалган. Сот кандай чечим чыгарат деп зарыгып күтүп олтурган адамга ар кандай жаман ойлор келип, качууга аракет кылышы дагы мүмкүн. Мындай учурларда кылмышкерлер өздөрүн кайтарууга алган кызматкерлерди аёсуз өлтүрүп кетип калып жатышканын көрүп эле жүрбөйлүбү. Бирок каарманыбыз Нурбек андай коркунучтардан коркпойт. Өз ишин мыкты билет.

Коркок  чээнде жатышы керек…

Кылмышкерди сотко алып баруу үчүн  камерадан чыгарууда да өзүнүн жол жобосу, эрежеси бар. Ошол эле маалда кылмышкерлерди ташып жүрүүдө коркунуч туулбай койбойт. Нурбек жаш болсо да эреженин баарын эске алып, кыраакылыкта этият болуп иштеп келет. “Корккон адам милиция кызматкери боло албайт”- деген Нурбек, акырындык менен ички иштер тармагындагы бардык  кызматтык тепкичти басып, бардык тармагында иштеп көргүсү келет. “Суу бир орунда туура берсе бүксүп кетет” дегендей, адам дагы өсүүгө, билимин жогорлутууга аракеттенип, күн сайын алдыга максат коюп жашап келет. Андыктан  ар дайым изденүүнүн үстүндөмүн,”- деген Нурбек, тарыхка атын алтын тамгалар менен жазып кеткен улуу инсандардан үлгү алып, аларды карап түздөнүп, оңдоноорун айтып олтурду. Келечек ээси болгон мындай жаш кадрларыбыз турганда Кыргыз милициясынын эртеңи ишенимдүү колдо деп айтсак эч күмөн туулбайт. Нурбек да өз сөзүндө, “Ишеним жана туруктуу максат ийгиликке жеткирет”- деп айтып өткөнүндөй эң алгач ишеним керек эмеспи.

Наргиза Козубаева

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: