Бүгүн, 2-апрелде Кыргызстандын саясий-коомдук жана мекенчил күчтөрүнүн Курултайынын Аткаруу комитетинин кезектеги отуруму болуп өттү. Бул тууралу Курултайдын Аткаруу комитети расмий билдирүү таратты.
“Анын жүрүшүндө Курултайдын чечимдерине ылайык азыркы мезгилде жасалып жаткан иштер, алардын жыйынтыктары талкууланды. Отурумда 27 апрелде 2-Элдик Курултай өткөрүү тууралу чечим кабыл алынды. Экинчи курултайдын күн тартибинде бир эле маселе : 1-Элдик Курултайдын чечимдерин жүзөгө ашыруу боюнча Аткаруу комитетинин жасаган иштери жана андан кийинки кадамдары болот. Жалпы улуттун келечегине, мамлекеттин тагдырына кайдыгер болбогон мекендештерди, коомдук, саясий, жарандык уюмдарды , бирикмелерди, кыймылдарды Элдик Курултайга катышууга чакырабыз. Курултайдын өткөрүү убактысы жана орду кошумча жарыяланат”, – деп айтылат Курултайдын Аткаруу комитетинин билдирүүсүндө.
Ал эми Аткаруу комитетинин катчысы Айбек Мырза 2-Элдик Курултай Бишкектин борбордук аянтында өтө турганын жарыялады.
Эсиңиздерге сала кетсек, былтыр, 2018-жылы 24-ноябрда 1-Элдик Курултайды өткөргөн Кыргызстандын саясий-коомдук жана мекенчил күчтөрүнүн башында Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев, Ахматбек Келдибеков, Кеңешбек Дүйшөбаевдер турушкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ