“”Аксы районундагы Дерес-Сай айылынын 54 км жери Өзбекстанга өтүп кетиптир” деген маалымат интернет-сайттарга жарыяланып кетип, эл ызы-чуу болуп жатат. Тезинен өкмөттүн өкүлү Дерес-Сайга барып, ал маалыматтын чын-төгүнүн элге айтсын. Эгер керек болсо биз Аксынын депутаттары да чоогу барып келели”, – деп билдирди бүгүн, 3-апрелде парламенттин отурумунда депутат Алмазбек Эргешов өкмөттүн Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы боюнча маалыматын угуу учурунда.
“Мухаммедкалый Дүйшөкеевич, ошол Дерес-Сай айылында ичерге таза суу жок. Быйыл долбоору бүтүп, сизде, титульный листте турат, ошонуп карап, бүтүрүп берсеңиз жакшы болот эле”, – деди Алмазбек Эргешов.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ