Бүгүн, 8-апрелде парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин өкүлдөрү премьер-министрдин өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү үчүн отчетун угуп жатат.
Депутат Асылбек Жээнбеков эмне үчүн аткаминерлер Кыргызстандын ИДПгы балык чарбачылыгынын үлүшүн айтпай жаткандыгына кызыкты.
Мурунку төраганын айтымында, балык чарбасы бүгүнкү күндө жакшы пайда алып келе турган тармак.
“Балык чарбачылык тармагына өзгөчө көңүл буруу керек, силер болсо аны токой чарбачылыгы менен аралаштырып жатасыңар. Балык чарбачылыгынын өнүгүүгө болгон чоң потенциалы бар. Бул тармак ИДП түзүмүндөгү айыл-чарба үлүшүн көбөйтө алат”,-деди Асылбек Жээнбеков.
Ал балык чарбасын өнүктүрүүннү чечкен дыйкандарга приоритетүү насыяларды берүү керек деп эсептейт.
“Эгерде дыйкандарга насыяларды бере турган болсок, балык өндүрүшү өзүн көп дегенде эки жылда эле актайт”-деп белгиледи эл өкүлү.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ