Menu

Kyrgyztoday.kg сайтына бир суткадан бери хакердик чаабул жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Урматтуу окурмандар!
Биздин Kyrgyztoday.kg сайтына кечээ, 9-апрелдин кечинен тартып, мурда болуп көрбөгөндөй масштабда хакердик атака (ддос-атака) башталып, бир эле секундда жүз миңдеген суроо-талаптар жөнөтүлүп, биз хостинг-компаниядан ижарага алган сервер иштей албай калып жатат.
Кечээтен бери биздин кызматкерлер өз милдеттерин аткара албай, сиздер менен маалымат бөлүшө алышпай олтурушат. Андыктан сиздерден кечирим сурайбыз, жана жакын арада бул абалдан чыгуунун жолдорун издеп жатабыз. Азыр сайт жаңыдан үзүл-кесил иштей баштаганынан пайдаланып, сиздерге түшүндүрмө берип кетүүнү туура таптык.
Бул хакердик атаканын башталышынын алдында биз, 7 –апрелдин кечинде “Раим-Миллион” 26-мартта “каралар” менен Дубайга учуп, 3-апрелде кайра Кыргызстанга кайтып келди” аталыштагы маалымат жарыялаган элек. Биздин бул маалымат коомчулукта резонанс жаратып, эң көп окулган маалыматтардын катарына кирип бараткан. Бирок, 8-апрель күнү таңдан баштап, аталган маалыматтын каармандарынан бизге телефон чалуулар, жолугушуу сунуштары түшө баштады. Биз макул болбой, кийинки телефон чалууларды албай койгондон кийин ал маалыматтын каармандары редакциябызга чейин кирип келишти. Маалыматтын тегерегинде кызуу талаш-тартыштар жаралды.
Биздин “Раим-Миллион” 26-мартта “каралар” менен Дубайга учуп, 3-апрелде кайра Кыргызстанга кайтып келди аталыштагы маалымат негизинен туура экендиги такталды, бирок биздин аэропорттогу маалымат булактары айрым каармандардын ысымдарын гана туура эмес, адаштырып берип алышкандыктан бизге доомат артылды. Бизге маалыматтагы бир абзацтын бир сүйлөмүн кыскартууга туура келди.
Ошону менен катар маалыматты такыр эле сайттан алып салуу сунушу тынбай айтылып, ал үчүн сыйлык убадаланып жатты. Биз макул болбой койгондон кийин сайтыбызгы хакердик атака башталып, серверибиз окурмандардын суроо-талаптарына жооп бербей калды.
Биз чакырган адистердин айтымында, азыр биздин серверге жасалып жаткан хакердик атаканын бир суткага баасы 1500 доллар турат дешет. Бизди 10 күн иштетишпей койсо буйрутма берген киши хакердик компанияга 15000 доллар төлөйт экен. Мындай акчаны биздин өлкөдө эки-үч гана киши көзгө илбей, чача алат. Албетте, бир эле оор жүк ташуучу машинанын “растаможкасынын” көмүскө баасы 20 миң доллар турса же “Белорусия-Кыргызстан-Тажикстан-Россия” схемасы боюнча катталган бир жүк ташуучу машинанын “растаможкасынын” көмүскө баасы 70 миң доллар болуп жатса 15 миң доллар кеп бекен?
Эсиңиздерде болсо, ушундай эле хакердик атака биздин сайтка 14-мартта башталып, 10 күн тынбай жасалып, 10 күн иштей албай турганбыз. Андан бир күн мурун биз “”Дордой” базарынын ишкерлери Бажынын жетекчиси Алмаз Оңолбековго: “Крышаң” ким экенин айтпайсынбы? “Крышаң” – Раим Миллион!” деп жаалданып, кыйкырып турушту” аталыштагы маалымат жарыялап, заматта Раим Миллиондун балдары бизден ал маалыматты сыйлык акыга алып салууну сунушташкан. Биз макул болбогондон кийин дароо хакердик атака башталып, 10 күн иштебей калганбыз.
Бүгүн да ошол окуя кайталанып жатат. Азыркы учурда биз чакырган адистер сайтты калыбына келтирүү жумуштары менен алек болушуда. Ошондой эле биз Kyrgyztoday. … аталыштагы домендик аттар менен бир нече резервдеги сайттарды ачуудабыз. Бирин жапса бири менен иштей берели, окурмандарыбызды маалымат булагынан үзбөйлү, деген максатта. Ошондуктан жакынкы убакта Kyrgyztoday аталышына ар түрдүү домендик аттар кошулган сайттар пайда болсо таң калбаңыздар, бирок, биз алар тууралу алдын-ала эскертип, айтып турабыз. Көрөлү, бажычылар канча сайтты, канча убакытка иштетпей коюуга бекер тапкан акчаларын чачышат экен?

KyrgyzToday сайтынын жааматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: