Menu

Кочкорлук болсоң кор болбойсуң

Бөлүшүү:

Илгери соода кызматкерлеринин далай муунун даярдап чыгарган Фрунзе советтик соода техникуму деген окуу жай бар эле. Кадыр баркы жогору бул техникум Союз тараган соң аталышын бир нече ирет өзгөртүп, акыры Кыргыз экономикалык университети деген статуска барып токтоду. Учурда белгилүү окумуштуу-экономист Муса Рыкулбековдун ысымын алып жүргөн окуу жайда 4 миңден ашык студент билим алат, 250дөн ашык окутуучулар курамы эмгектенет.

Ал эми университетти 1995-жылдан бери экономика илимдеринин доктору Камчыбеков Төлөбек Кадыралиевич жетектеп келет. Жердиги Кочкор районунун Чолпон айылынан болгондуктанбы, окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамынын жана техникалык персоналдын 90 пайызын кочкорлуктар түзөт. Ошондон улам КЭУ деген аббревиатураны көп учурда Кочкор экономикалык университети деп чечмелендер бар. Мындай жагдайга бул жерде иштеген башка аймактардын өкүлдөрүнүн арасында нааразы болгондор арбын.

Жашы улгайып калгандыктан, Төлөбек Камчыбеков (азыр 70 жашта) иш ордунда көп отура бербегендигин да баамдоого болот. Сыягы ден соолугунун начарлыгы (кант диабети жана гипертония) да өз таасирин тийгизип жаткандай.

Баса, жакында Кыргыз экономикалык университетинде ректорду шайлоо өткөрүлөт. Кыргызстанды Турдакун Усубалиев дээрлик чейрек кылым кандай башкарса, университетти да ошончолук убакыт жетектеп келген Т.Камчыбеков өзүнө  мураскор дайындап жатканы айтылууда. Сыягы ал өз ордуна жакын иниси, окуу жайдын эл аралык байланыштар боюнча проректору Кадыралиев Алмаз Токтобековичти калтырууга болгон аракетин жасап жаткандай.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: