Menu

Атамбаев шейит кеткендерге саткынчылык кылды

Бөлүшүү:

Мындан башкача ойлой албай турабыз. Буга дейре Атамбаев өзүн кыргыз эли үчүн бир жаралган президент катары сыпаттап келсе, 7-апрелде “Форумда” сүйлөгөн сөзүндө өзүн Манастагы Кошойго салыштырды. Айтор, экс-президенттин оозунан бардык нерсени күтүүгө болорунан кымындай да шегибиз калбады…

Акыркы учурларда АША бүгүнкү президентти саткын деп, өзүн ишенимдүү, туруктуу, чынчыл катары сыпаттай баштады. Бирок өзү саткынчылыктын туу чокусунун үлгүсүн көрсөткөнүн аңдадыбы. Маселен, Атамбаев 17-мартта Аксы окуясында курман болгондорду эскергенге жараган жок. 7-апрелде “Форумда” сүйлөгөндө баштан аяк азыркы президентке ызырынып, ачуусун, ичкүптүсүн чыгарып, бирок 7-апрелде шейит кеткендерди, жабыркагандарды эстеп койгонго жарабады. Сөзүнүн соңунда бир сүйлөм менен ооз учунан айтып койду. Минтип АША 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун эрдиктерин заматта унутканын, аларлын арбактарын уруп да ойнобой турганын көрсөттү! Муну Апрель революциясынын баатырларына, ага катышкандарга карата саткынчылык кылды дебегенде кандай баалоого болот?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: