Menu

Раимбек Матраимов жомоктогу каарман эмес

Бөлүшүү:

“Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн”… эмне кылса да эч нерсе болбогон, «биздин замандын бир кишиси» пайда болду. Жок, айланайын, ал жомоктун каарманы эмес, мына бүгүнкү күндүн эле кара турмушунун карачечекей каарманы. Анын аты-жөнү Матраимов Раимбек. Аны «Раим-миллион» деп да коюшат. Азан чакырып койгон атка караганда, эл койгон ат ошол адамдын кайсы бир сапатына жакын болот. Анткени, ошол адамдын баскан-турганы «менин атым мобул болот» деп эле өзү айтып берет. Бу Матраимовду «миллион» деген аттын коштоп жүрүшү, анын өз жүрүшүнөн- жалаң миллиондорду чапчыгандыгынан алынып коюлган тура. Миллиондорду жегендер толуп жатпайбы, аларга мындай ат эмнеге берилген эмес? Көрсө, бу немең миллиондорду ашкере жеген тура! Тамагынан кантип өттү экен?!

Жеп-ичкичтердин да «уяттуусу» болот. Алар өлчөп жейт. Ал эми бу Матраимов дегениң баарын тегиз жейт экен. Ошол Ош бажысын башкарып турганда мамлекетке аз-аз берген болуп, калганын өзүнүн чөнтөгүнө көңтөрө берчү экен да! Анан жанагы «миллион» деген атты албайбы! Матраимов Ош бажыканасынан кеткенден кийин бажыдан түшкөн киреше 10 эсеге өсүптүр! Биздин турмушта ушундай да болот, биздин гана турмушта ушундай жомокту такымдаган кез-көрүнүш болот!

Раимбек Матраимов Кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болуп иштеген убакта, төрага жөн эле марионетка милдетин аткарып, бардык «кирди-чыкты» маселенин баарын өзү жеке чеччү экен. Көрсө, жанагы өлчөөсүз жеген миллиондору бардык ишти «аткарып» койчу тура.

…Жылдардын бир жылында Матраимов Сооронбай Жээнбеков менен жакын мамиледе болуп калат. Анан ошол жакындыгы кыйышпас «ысыктыкка» айланат. Эми таптакыр бөлүнүшө албаган, ажырагыс акыреттик дос абалындагы немелерди эч ким ажырата албайт деп жатышат. Ошондон улам бүтүндөй журт айтып жатса да Жээнбеков Матраимовго каршы эч нерсе кылбай жатат. Жээнбековдун шайлоо кампаниясында Раимбек Матраимов аябагандай көп акча жумшаган деп жатышат. Анысы канчалык деңгээлде чын экенин биле албайм, бирок, акча чачканы чындыктын өзү го…

Атамбаев менен Жээнбековдун мамилесинин бузулушунун бирден бир себепкери да Матраимов болду деген кеп мына бүгүнкү күнгө чейин “тирүү”. Атамбаев Жээнбековго «Матраимовго чара көр» десе, Жээнбеков «эмне чара көрмөк элем» деген го…

Матраимовду Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан түшүргөндө, ал сотко кайрылып кайра өз кызматына келсин деген чечим чыгартып алган эмеспи. Кайран соттор акчага бир көмүлүп алды го?! Аны текшерген жан жок…

Мен жалпы журт сымал эле Матраимов жөнүндө көп уктум, окудум, аларды кайталап олтурбайын, бир айтарым ал неме азыр президенттин да алы жетпеген «монстр» болуп турат дешет… Баса, Сооронбай Жээнбеков кай жерде сүйлөбөсүн: «Мага коррупционерди айтып бергилечи, дароо чара көрөбүз» дегенди айтат. Журналисттер Матраимөв жөнүндө айтып атып жадады, а Жээнбеков болсо, жанагы куру сөзүнөн жадай элек, жадачу түрү да көрүнбөйт! Бул Матраимовдун маселесинде миң сом уурдаган немелерди баса калчу Генпрокуратура “дудук”, көзү да “сокур”!

Баратбай Аракеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: