Бүгүн, 10-апрелде “Республика” партиясы Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго расмий кат жазып, анда 13-апрелде саат 14.00.дөн тартып 20.00.гө чейин КР Өкмөтүнүн алдындагы аянтта 10 миң адам катышкан тынчтык митинг өткөрүшөрүн билдиришти.
Жыйында КР президенттигине талапкер Өмүрбек Бабанов менен анын тарапкерлери, саясый жана коомдук ишмерлер жолугуша тургандыгы белгиленет.
Ошондой эле митингдин уюштуруучулары бийликтен коопсуздукту камсыз кылууну талап кылып, өздөрү тараптан митинг өткөн жерде тазалык сакталарын убадалашкан.
Бүгүн күндүн биринчи жарымында Өмүрбек Бабанов Москвадан Бишкекке 13-апрелде саат 14.50.дө учуп келерин жарыялаган.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ