Menu

Феликс Кулов, коомдук ишмер: “Эл көчөгө чыкса, бийлик сестенип, айрым көйгөйлөр чечилет”

Бөлүшүү:

– Партиялардын сап башында турган КСДПнын ыркы кетип, 3-6-апрелдерде эки бөлүнүп съезд өткөрүштү. Эл иренжип турат. Сиз эмне дейсиз?

– КСДПлардын съезди боюнча Роза Отунбаева жакшы айтты, ушуну менен сөздү бүтүрүш керек. Азыр баары туура эмес болуп жатканы өкүнүчтүү. Баарыбыз, эл журт партия ичинде эмне болуп жатканын карап отурабыз. Менимче, кандай болот, эмне болот – мага тиешеси жок. Роза Отунбаева айткандай, аларга көңүл буруп, талдап, нерв коротуунун зарылдыгы жок. Бир билгеним, бир ай мурун эле айткам, эгер Абдрахманов КСДПны алса, бул басып алуу болуп калат.

– «Өмүрбек Текебаев эркиндикке чыгат» дегенден бери убакыт созулуп кетти. 23-апрелде тарапташтары митингте чыкканы жатышат. Саясатта дагы бир козголуу күтүп тургандай…

– Менимче, азыр элдин баары Маевский даана аферист экенин жакшы билип калышты. Ошондуктан Текебаевди күнөөлөгөнгө бир да далил жок. Тарапташтары чыкканы мыйзамдуу көрүнүш. Текебаев жакын арада сөзсүз эркиндикке чыгат.

– Баткен, чек аралар чыры боюнча дале маселе көп. Эл гана көтөрүлүп, бийлик козголбогондой…

– Бул – демократиялык процесс. Эл жөн жерден чыкпайт. Сөзсүз бир маселени көтөрүп, чындыкты айтып чырылдап чыгышат. «Мындай бүтпөгөн пикет, митингдерден инвесторлор бизге келбейт» деген дагы жаңылыштык. Мисалы, Трампка карата катуу сыноо болууда. Тынбай көтөрүлүштөр… Бирок, революция болуп кеткен жери жок. Бизде да ушундай. Эл көчөгө чыгып, бийликти сестентет. Айрым маселелер чечилет.

– Путин келгенин кандай анализдедиңиз?

– Ар кандай көз караштар бар. Түрдүү сөздөр айтылып кетти. Биз орустарга таптакыр көз каранды болгон жерибиз жок. Бул тарыхый сапар болуп калды. Тажрыйбалуу саясатчынын, мурдагы вице-президенттин, премьер-министрдин сөзү катары уксаңар, Орусияда көп саясатчы кесиптештерим бар, алар «бизге Кыргызстандын тынчтыгы гана керек. Казакстан, Өзбекстан, Тажиксган, Түркмөнстан жакшы болсо, алардын ар убактагы утуштары» деп калышат. «Кошунаң тынч, өзүң тынч» деген эле кеп.

– Тышкы саясатыбызга кандай баа берип жатасыз?

– Азыркы учурда Сооронбай Шарипович тышкы саясатты абдан туура алып барып жатат. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанга окшогон кошуна өлкөлөргө болгон алакалар мыкты. Эми алдыда Европага багыт алып, бир жума ичинде Германияга сапар тартат.

– Көп жылдар бою эң жогорку кызматтарды аркаладыңыз. Айрым иштерде бүгүнкү бийликке кеңеш берип турасызбы?

– Кеңеш сурашат. Кандайдыр бир кемчиликтерди көзүм чалса, «балдар, сак болгула, мындай кылгыла» деп кеңешимди айтып калам. Алар ал кеңешимди кабыл алабы-албайбы, бирок сурап кайрылышат.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: