Menu

Иса Өмүркулов, КСДП фракциясынын лидери: “Коалицияны ыдыраталы, кайра шайлоо кылалы” деген күчтөр бар”

Бөлүшүү:

– Иса Шейшенкулович, депутат Исхак Масалиевдин «КСДП төрдү бошотушу керек» деген сунушуна эмне дейсиз?

– Кайсы төрдү?

– Жогорку Кеңештин төрүн айтып атса керек да.

– Жогорку Кеңештин төрүндө бүгүн Дастан Жумабеков отурат. Ал – спикер. Эмне үчүн бошотушу керек? Ага негиз жок азырынча.

– Бирок, чындыгында эле партия оппозицияда, ал эми фракция позицияда болгону логикага туура келбейт го?

– Мыйзамда эч жерде буга бөгөт коюлган эмес. Мыйзам жол берет. Кандай позицияны ээлегенди фракция өзү чечет. Бүгүнкү күндө КСДП экиге бөлүндү, бир бөлүгү экс-президентти колдосо, экинчи бөлүгү бүгүнкү туруктуулукту колдойт. Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын колдойт. Ушул нукта коалиция иштеп атат. «Респубика – Ата Журт» фракциясынын коалицияга кошулганына толугу менен мыйзам жол берет. Эч карама-каршылык жок. Албетте, бул коалицияны ыдыраталы, дүрбөлөң түшүрүп, кайра шайлоо кылыш керек деген күчтөр бар. Бүгүнкү күндө мыйзам чыгаруу бутагы эң турукташтыруучу орган. Биз бир адамдан эмес, 120 адамдан турабыз. Бардык чечимдерди коллегиалдуу, добушка салып чечебиз. Андыктан, бүгүнкү күндө мамлекеттин туруктуулугун сактаган – бул парламент. Анан биз олку-солку боло турган болсок, жакшы болбой калат. «Жаренный» фактылар деп эле ызы-чуу кылып, ала качып эле мамлекеттин пайдубалын уратпаш керек. Ар бир саясатчынын өзүнүн көздөгөн маселеси бар. Бирок, ошол эле учурда биз мамлекеттүүлүктү унутпашыбыз керек да. Мына, маселе ушунда. Эмки жылдын аягында шайлоо болот. Пожалуйста, келсин, утсун, каалаганы төргө отурсун, каалабаганы бөлөк жерге отурсун, туурабы? Айткан сөз менен жасаган иш айкалышы керек да. Анан баары эле патриот болуп… Көрүп атабыз, кечээ эле патриот болуп жүргөндөрдүн бүгүн былыктары чыгууда. Ошон үчүн мындай нерседе кичине прагматизм болуш керек, алыска карашыбыз керек. Мурдубуздан алысыраак нерсени көрүш керек да. Убактылуу кызыкчылыкты көздөп, жеңил баа болбошубуз кажет. Өзгөчө парламенттин мүчөлөрү.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: