Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Германияга расмий визитинин алкагында Франк-Вальтер Штайнмайер жана Ангела Меркель менен жолугушат

Бөлүшүү:

15-16-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Германия Федеративдүү Республикасына расмий визити болот.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдиргендей, визиттин алкагында ГФР Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Германия Федералдык Канцлери Ангела Меркель, ошондой эле Бундестаг Президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушуулары божомолдонууда.

Мындан тышкары, бизнес-форум өткөрүү жана Сооронбай Жээнбековдун Х.Зайдель атындагы Фонддо сөз сүйлөөсү божомолдонууда.

«Президент Сооронбай Жээнбековдун алдыдагы визити үчүн жакшы саясий негиз түзүлдү.  Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиялык өлкө катары Германия Федералдык Канцлери Ангела Меркелдин да, ГФР Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин да урматтоосуна жана колдоосуна ээ болгон», — деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

Ал белгилегендей, Ангела Меркелдин 2016-жылдагы Кыргызстанга визитинин натыйжасында эки тараптуу экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдө да белгилүү илгерилөө болду. Анын визитинин жыйынтыктары боюнча Германия экономикасынын Экинчи күнү өткөрүлүп, ага ГФРден келишкен көптөгөн өкүлдөр катышкан.

«КР Президентинин визити эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарда кескин илгерилөөгө кызмат кылышы керек.  Андай түрткүнүн жаралышы толук мүмкүн», — деп кошумчалады бөлүм башчы.

Ал белгилегендей, ишкерлер Биримдиги менен бирге Мюнхенде бизнес-форум болот.

«Кызматташтыкты топтоштурууга мүмкүн болгон конкреттүү багыттарга гидроэнергетика жана энергиянын жаңыланма булактары, айыл чарбасы, туризм, КР Президентинин региондорду өнүктүрүү боюнча Жарлыгынын алкагында ГФРдин өнүгүү саясаты чөйрөсүндөгү  тийиштүү колдоочу долбоорду ишке киргизүү менен ГФР жана Кыргызстандын кооперативдик түзүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салуу кирет», — деп белгиледи Данияр Сыдыков.

ГФР Улуттук кооперативдер Ассоциациясы менен КР кооперативдер Биримдигинин ортосунда кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюу тууралуу алдын ала макулдашылган.

Ошондой эле Германиянын Кыргызстанда заманбап фитосанитардык лабораторияны түзүүнү колдоосу жана кыргызстандык адистердин Бавария фитосанитардык лабораториясындагы стажировкасы тууралуу маселе да иштелип жатат. Эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосундагы изилдөөлөр чөйрөсүндөгү жана айыл чарба жана гидроэнергетика багытындагы адистерди даярдоо жөнүндө меморандумга кол коюу пландалууда.

Ушуга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий визитинин алкагында документтердин чоң топтомуна кол коюу күтүлүүдө.

Андан тышкары, Мамлекет башчысынын Германиядагы мекендештерибиз менен жолугушуусу божомолдонууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: