Menu

Видео – Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрт өчүрүлдү

Бөлүшүү:

Париждеги Нотр-Дам чиркөөсү тогуз саатка созулган өртөн кийин өчүрүлдү.

Тилсиз жоонун кесепетинен имараттын мунарасы урап түштү, чатырынын бир бөлүгү күйүп кетти. Мунара 1786-жылдагы реставрациядан кийин пайда болгон, анын бийиктиги 96 метр, эмен жыгачынан куралган, коргошун менен капталган.

Нотр-Дам-де-Паринин чатыры дагы коргошун плиталарынан турат, анын жалпы салмагы 210 тонна. Имараттын каркасын жана эки мунарасын сактап калууга мүмкүн болду.

Полиция өрттүн тутанышына эмне себеп болгону белгисиз экенин айтса, Париждин өрт башкармалыгы тилсиз жоо имарттагы оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу экенин билдирди. Париж прокуратурасы иликтөө иштерин баштады.

Франция өрт өчүрүүчүлөрү узун тепкичтер менен камсыздалган эмес. Мындан тышкары тыгындын айынан өрт өчүрүү унаалары чиркөөгө көпкө кире албай турушту. Париждин өрт кызматы имаратты бийиктиктен өчүрүү – анын кыйрашына алып келерин билдирген.

Нотр-Дам-де-Париде христиандардын негизги релеквиясы – Иисус Христостун тикен тажысы сакталган. Чиркөөнүн өкүлү Андре Фино баалуу буюмдарды сактап калууга мүмкүн болгонун айтты.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон окуя болгон жерге 16-апрелге караган түнү барды. Ал чиркөөнү калыбына келтирүүгө убада берди. Ал өрттү «үрөй учурган трагедия» деп атады.

Француз Улуттук мурас фонду чиркөөнү калыбына келтирүүгө акча чогултуу үчүн эсеп ачты. Франциянын эң бай адамдарынын бири Франсуа Анри Пино 100 миллион евродон кем эмес акча бөлүүгө убада берди. Нотр-Дам-де-Парини калыбына келтирүү үчүн АКШда дагы эсеп ачылды.

Нотр-Дам чиркөөсү XII–XIV кылымдарда курулган. Бул жерде 1302-жылы өлкөнүн алгачкы парламенти ачылгандан тарта, 1804-жылы Наполеон Бонапартты француз императору катары такка отургузууга чейинки Франция тарыхындагы эн көрүнүктүү окуялар өткөн. Жыл сайын архитектуралык эстеликти көрүү үчүн 13-14 миллион турист келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: