Menu

Бабановдун келет, келбейт оюну

Бөлүшүү:

2017-жылы президенттик шайлоодо жеңилген Өмүрбек Бабанов ушул жылдын 21-мартында кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктоо сөзүндө жакынкы арада келе турганын айткан. Ага удаа 13-апрелге Москва – Бишкек аба жолу аркылуу билет сатып алганын жарыялаган. Буга байланыштуу 13-апрелде Өмүрбек Бабановду колдоо митинги боло турганы айтылып, ал митингге 10 миңдей адам жана ырчылар катыша турганы айтылган. Ага удаа Өмүрбек Бабанов өзү билдирүү жасап, Кыргызстанга 13-апрелде келбей турганын айтып, аны колдоп уюштурула турган митингди токтото турууга чакырган. Бабановдун бул чечими эки анжы ойго салып, айрымдардын кыжырын келтирсе кээ бир адамдар туура чечим болду деп баалашты.

Алманбет Шыкмаматов, ЖКнын депутаты

– Өмүрбек Бабанов жүзү жарык болсо, мыйзам алдында күнөөсүз болсо Өмүрбек Текебаевдей болуп Кыргазстанга келип, камалганына да кайыл болуп камакта болсо дагы сот, адвокаттар аркылуу ага ишенип жаткан 600 миң адамдын колдоосу аркылуу өзүнүн күнөөсүз экенин аныктаса болмок. Бабанов бул мүмкүнчүлүгүн колунан чыгарды. Ал өзүнүн коркоктугун, чечкинсиздигин көрсөтүү менен бийликке чоң упай алып берди. Бийликтин чоң утушуна алып келди. Бирок саясий – банкрот.

Клара Сооронкулова, коомдук ишмер

– Өмүрбек Бабановдун кылганы элди, өз шайлоочуларын сыйлабагандык. Бир күнү бирди эртеси башканы айтат. Социалдык тармактарда ага ишенгендер да көп экен. Алар өз максатына жетүү үчүн социалдык тармактар аркылуу элди өзүнө колдонуп жатышат. Эл өзү ойлонуп, өзү жыйынтык чыгарышы керек.

Бейшенбек Бекешов, журналист

– Адам катары мен аны жакшы түшүнөм. Балким мен деле ошол чечимди кабыл алмакмын. Муну менен ал өзүн коргоп алды. Эч ким абакта отургусу келбейт. Бирок саясатчы катары сөз бердиби аны аткарышы керек болчу. Куру сөз, убада бербеш керек болчу. Азыр келгенде номер биринчи болмок. Эл өзгөрүүнү күтүп жатат. Алар өзгөрүүнү Бабановдон күтүп жаткан. Тилекке каршы ал чечиминен кайтты. Балким кысым кылышты. Биз анын банкы, телеканалы жөнүндө көрдүк. Бул уланышы мүмкүн болчу. Ал адам катары туура кылганы менен саясатчы катары туура эмес чечим кабыл алды.

Акылбек Сариев, серепчи

Өмүрбек Бабанов бийликтин реакциясын байкап көрөйүн деди окшойт. Чындыгында келээри арсар болчу. Ал «саясаттан кеттим» деп чечим кабыл алган. Кыргызстанга келип саясатка киришем деп жарыялаган деле жок. Өзүбүз дүрбөп кеттик. Балким 23-апрелдеги митингге келип кошулуп калат. Азыр бийликтин да, элдин да реакциясын билип алды.

Кенжебек Бокоев, ЖКнын депутаты

– 2017-жылы шайлоо бүткөндө эле шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турган бизди, тарапташтарын өзүнүн беделине шек келсе дагы, тынчтык үчүн деп нааразычылыкка чыгарбай койгон. «Кандай жол менен болсо да шайланды, бийлик эми иштесин» деп токтотуп койгон. Бул жолу да ошондой болду. Демек, ал мамлекеттин туруктуулугун биринчи орунга койгон инсан экенин далилдеди.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: