Menu

Адил Турдукулов: “Шайлоого чейин мамлекеттик төңкөрүш болбойт, анткени эл революциялардан тажады, азыр революциялык кырдаал жок”

Бөлүшүү:

-Бийликтен четтетилген реваншисттик күчтөр: Атамбаевчилер, Текебаевчилер, Бекназаровчулар баш көтөрүшүп, Текебаевчилер 23-апрелге митинг жарыялашса, Бекназаровчулар 27-апрелге курултай өткөрүүгө даярданып жатышат. Ал эми Атамбаевчилер бийликке эки айга убакыт берип, июнда масштабдуу митингдер болорун эскертишти. Ушундай реваншисттик күчтөр биригип кетишсе мамлекеттик төңкөрүш болуп кетиши мүмкүнбү?

-Мен жеке буга ишенбейм. Анткени, биринчиден, мурункудай эле абал болсо дагы элде революциядан чарчаган сезим бар да. Экинчиден анчалык революциялык кырдаал жок. Муну азыр эл да, саясый элита да түшүнүп турат: элдин саясый нааразычылык боюнча бугу шайлоолордо чыгат. Ошондуктан шайлоого чейин кандайдыр бир революциялык кырдаал жаралып кетет дегенге мен ишенбейм. Эгерде шайлоодо манипуляциялар жүрүп кетсе жана каршылаш күчтөр парламентке келбесе, ошондо каршылаш күчтөрдүн нааразчылыгы өз чокусуна жетет деп ойлойм. Ага чейин революция болот же төңкөрүш болуп кетет деп дегенге мен ишенбейм, – деп жооп берди КСДПнын Саясый Кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов кечээ, 15-апрелде.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: