Menu

Бабановдун келмеги тозок болду…

Бөлүшүү:

«Бабанов келет» деген кеп «Алтайдан Манас келе тургандай» эле даңазаланды окшойт. Ооба, ошондой болду. «Камалам» деп кетип, анан «камалбай калдым окшойт» деп кайра келе турган адам шаан-шөкөтү жок эле келсе болмок.

Бабанов кайтып келе турганын терең ойлосо, даңаза кылбай эле, эч кимге жар салбай эле келбейби да. Ташиев досунан айттырып, анан телеканалынан кайрылуу жасап, бул жактагы депутаттарын да даярдап, биринчи иретте, Талас элинин күтүп алуусун каңкуулап… Жөн гана келип, анан эли менен четинен жолугуша бербейби. Жок, аны сөзсүз миңдеген эл тосуп алыш керек экен, сөзсүз митинг өтүшү керек экен, аларың шаарлардын борбордук аянттарында өтүшү керек экен.

«Бабановду өткөн шайлоодо 600 миңдей эл колдогон» деп, аны көрүнгөн жерде көрсөтмө кылып, «бу баланын баркы чоң» дегенди айтып жатабыз. Туура ошончо адамдын колдогону чын, а бирок, алар акчанын күчү менен колдогону ого бетер чын да! Азыркы президент деле акча менен, бийликтин күчү менен келген. Шайлоо жөнүндө кеп кылганда, ага чачылган акчаны кошо айта жүрүш керек, анткени, биз деген кыргыздарбыз, Кыргыз Респубиликасынын жарандарыбыз. Кыргыз Республикасынын жарандары кийинки убакта шайлоого акча бермейинче барбай калган!

Бабанов Ош шаарынын өзбектер көп жашачу жака-белиндеги бир жолугушууда «силер басынбагыла» деп ачык эле өзбектердин намысына тийе айткан да. Кийин аны жымсалдап, улут аралык эч кандай бөлүп-жаруу жок деп чыгышты. Аны кандай айтса да өзбектердин улуттук намысына тийгизе айтканы танылгыс!

Бабанов эгерде бийлик тарап Жээнбековго тартпаганда президенттик шайлоодо жеңишке жетиши да мүмкүн эле. Анткени, ал ашкере бай эмеспи. Ошол шайлоодон кийин өзүнө кылмыш иши ачыла турган болгондо качып кетип кутулду, анан ошондон соң «мындан ары саясий ишке аралашпайм» деп айтканы да бар. Эми анысын унутуп саясий турмуштан биротоло алыстай албай турат.

Азыр Кыргызстанда байлардын баары саясий ишке аралашып алган, байлардын баары Жогорку Кеңешке, шаардык кеңештерге депутат болуп алышкан. Байлардын баары саясий иштен алыс болуп, байлыгын мамлекетибиздин социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө жумшаса, жаштарга жардам берсе, бала-бакча, мектептерди салдырса, ири өнөр жайга жана ишканаларга инвестор болуп берсе сонун болмок. Ал эми саясатты байлыкка башы бата элек жаштарга берсе кандай кана сонун болмок. Эми бул ишке ашпачу тилек да бир…

Кайра Бабановго келели. Анын келбей калганы жакшы эле болду. Ар кандай митингдерди күтүп, ар кандай мыйзамсыз иштерди жасап жиберчү топтор да бар. Маселен, марордёрчылык кылуу.

Бийлик тарап да туура эмес кылып жатат. Кай жерге болсо да митингдерди өткөзүүгө тыюу салып эмне кереги бар. «Сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичкен» болбош керек. Бийликке митинг десе эле, алар чогулуп барып Ак үйдү басып ала тургандай көрүнөт го. Азыр деген элде революциялык маанай жок, аны жасап жиберүүгө себеп да жок.

Бу бийликтин Бабановдон чочуганына дагы бир себеп бар: ал келип Атамбаевге кошулуп алып бийликке каршы элди үндөсөчү?! Бийликтин мындай да чочулоосу жөн жерден чыккан жок да…

Мындай да ой келет: а балким Бабановдун мекениме келейин деген ою жок эле, “элим не дээр экен, бийлик тарап кантер экен?” сыноосу болуп жүрбөсүн. Азыркы саясатчылардан баарын күтсө болот…

Бизге азыр тынчтык керек. Андан көрө бийлик менен калың эл биригип коррупцияны жоготпойбу да!

Баратбай Аракеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: