Өлкөдө ар бир алтынчы нике ажырашуу менен аяктайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылат.
Мекеменин маалыматына караганда, эркек-аял дебей, 20-29 жашында турмуш кургандар көп. Бул куракта үйлөнгөндөр расмий түрдө никеге тургандардын 70 % түзөт.
Бул арада айыл жергесинде никеге турган ар бир 1000 үй-бүлөнүн 100дөн ашууну ашырашып кетет. Ошол эле маалда шаарда бул көрсөткүч үч эсеге көп.
2015-жылы аялдардын алгачкы никеге турган орточо курагы – 23,6 жашты түзсө, эркектердики – 26,9 жаш болгон. 2011-жылдан бери аялдардын никеге туруу курагы 0,2 жашка, эркектердики – 0,1 жашка жогорулаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ