Бүгүнкү күнү кен байлыкты тескеген министрдин 2 орун басары тең жок. Илгери да өзүм билемдик болгон. Канадалыктар өкмөттөн “Куттуу-Сай” кенине лицензияны 2012-жылы сатып алганда бюджетке 300 сом эле төлөндү. “Куттуу-Сайдын” акциясын көп өтпөй Торонтодогу биржада 410 миллион долларга сатылган.
Куттуу-Сайда 22 миллиард доллардык байлык жатса, кантип уялышпай 300 сомго лицензия беришкен? Мындай “Куттуу-Сай” сыяктуу сейрек кездешүүчү металлдардын кени дүйнөдө 4 эле жерде бар. Бул тармакта 96% Кытай монополист болуп алган. Бул металлдар “сотовый” телефондорду жасап чыгарууга пайдаланылат. Бизде, Кытайда, Японияда, Түштүк Кореяда жана Малайзияда гана бар.
Булак: “Кабар Инфо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ