Menu

Бабановдун Кыргызстанга келбегени бийликтин реакциясын байкадыбы же коркоктугунан саясий банкротко учурадыбы?

Бөлүшүү:

Чолпон Осмонова, коомдук ишмер: “Бабановдун бийликке да, элге да жакшы эле сүрү бардай сезилди”

– Бабановдун Кыргызстанга келем дегенинде эле көп сыр жаткандай. Биринчиден, эл күттү эле, бирок үчүнчү күчтөр пайдаланат дегенди уктум. Экинчиден, ызы-чуу болбосун дептир. Үчүнчүдөн, келсе эле камагыла деген тапшырма берилиптир деп да уктук. Эмне болсо да Бабановдун бийликке да, элге да жакшы эле сүрү бардай сезилди.

Бектур Асанов, экс-губернатор: “Элге соз бергенден кийин аткарыш керек болчу”

– Бабановдун аракети чындыгында уят эле иш болду. Элге сөз бергенден кийин аткарыш керек болчу. Коркуп кетип ар кандай шылтоону айтпашы керек эле. Саясий партиянын лидери эле эмес, айылдык кеңешке депутат болом деген кишиде дагы кичине болсо да жүрөк болуш керек. Жүрөк болбосо кетенчиктей берип кадыр-баркын жоготуп алат. Бабановдун келбей койгону өзүнө эле жаман болду.

Турсунбай Бакир уулу, экс-депутат: “Аны учактан түшкөндө эле кишендесе да келиши абзел эле”

– Саясатчы келемин деп алган билетин, учуп келе турган күнүн саатына чейин элге жарыялагандан кийин аны учактан түшкөндө эле кишендесе да келиши абзел эле! Же келээрин шоу кылбай, унчукпай коюш керек болчу. А айтылгандан кийин убадага турбоо – бул адамды терс жагынан түшүндүрөт. Жалпы өлкөдө билбейм, бирок түштүктө «лабизден кеттиң» (убадаңа турбадың) деген сөз «намысың жок экен!» деген күнөөлөө менен эле тең!

Калича Умуралиева, укук коргоочу: “Ал бийлик менен соодалашайын деген”

– Бабанов менимче бийликтин келсе эле камайбыз дегенинен коркуп келбей койду. Ал келем деген аракети менен бийлик менен соодалашайын деген.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: