Menu

Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” партиясынын лидери: “Бийликте олтургандар түбөлүктүү тактыдан түшпөй кала тургансып кошоматчылык кылып, ашыкча жүгүнүүнүн да чеги болуш керек!”

Бөлүшүү:

– Камчыбек Кыдыршаевич, бир кездеги саясий өнөктөшүңүз Өмүрбек Бабановду бүгүн коомчулукту удургутуп, жай турмушка будуң-чаң салгандыгы үчүн жээригендер көп. Бүт өлкөгө жарыя кылып, миңдеген адамдарды үмүттөндүрүп коюп келбей койгондугун сиз кубаттап, туура кадам жасаганын айтып чыктыңыз. Бул кадамынын эмнеси туура?

– Бүгүнкү күндө коомдук-саясий, экономикалык абалдын курч мүнөзгө ээ боло баштаганына бир эле Бабанов себепкер болгон жок. Бийликке карата карапайым адамдардын көз карашы өзгөрө баштады. Президент адеп ишке киришип, коррупцияга каршы күрөш, сот-укуктук реформа жаатында алгылыктуу пландарды айткан. Ошондо бүт баарыбыздын жүрөгүбүздө үмүт оту жанган. Бирок, бул иштердин создугуп, 1,5 жыл өтсө да тыңгылыктуу жыйынтык бербегени кандайдыр бир элдин нааразычылыгын жарата баштады. Биз муну жашырбай, ачык айтууга тийишпиз! Мына учурда дужүр чалдардын, балдардын жаңы мууну өсүп чыкты. Элге төбөсү көрүнүп калган эле саясатчылар ыгы келсе да, келбесе да жата калып кошоматчылык кылып, бийликке дифирамбаларды арноодо. Буга окшогон караңгы кошоматчыларды ээрчип жүрүп мурунку президенттер кандай күнгө туш болду эле? Дал ушундай эл бузарлар президентти адаштырып, туура эмес жолго сала баштады. Кеч боло электе айтып коюуга акыбыз бар, анткени, булар салган даңгыр жол менен кете турган болсо, азыркы бийлик ээлеринин тагдырына суктанбай эле койгон оң.

Ө.Бабанов өзүн чыныгы мамлекетчил саясатчы экенин көрсөттү. Аны актагым келбейт, бирок, учурунда өрт күйгөн жерде карапайым адамдардын тарткан азабын өз көзүм менен көргөн адам катары айтсам, Бабанов кайра артка кайтуу менен эл-жеринин тынчтыгын сактап калды. Себеби, Бабановдун келишин утурлай он миңдеген адамдар митингдерге чыгууга камынып калган. Маалымат каражаттары да элди дүрбөтүп, “эртең эмне болуп кетет, тынч эле болсо экен”- деп энелер, аталар жакасын кармаган кырдаал түзүлгөн. Бийликке каршы күчтөр, андан тышкары ар кандай экстремисттик уюмдар элдин көп чогулгандыгынан пайдаланып, ар кандай чагымчыл иш-аракеттерге баруусу сокурга да дайын болуп калган. Дал ошону эске алуу менен, Бабанов жеке амбициясынан да эл тынчтыгын жогору койду, келген жок. Президенттик шайлоонун кийинки күндөрү да оор кырдаал түзүлгөндө эл-жердин тынчтыгын жогору коюп, өлкөдөн чыгып кеткен эле… Саясатчы катары ошондуктан анын кадамын туура деп ойлойм… Бабанов эртеби-кечпи баары бир келет. Өз эли, жери, ага акысы бар. Биз саясий оппоненттерди коркутуу менен эч нерсе таппайбыз. Тескерисинче, келишине шарт түзүп бериш керек, мыйзам чегинде баарын чечип алсын.

– Сиз “саясаттагы устатым” деп жүргөн экс-министр, коомдук ишмер, кечээ күнкү саясий туткун Бекболот Талгарбеков биздин гезитке берген маегинде: “Эгерде Сооронбай Жээнбековго элдин ишеним рейтинги өткөн жылы апрелде 90-95 пайыз болсо, азыр ал 60-65 пайызга түштү. Бул терең ойлонто турган маселе”- деп айтты эле. Сиз ушуга кошуласызбы?

– Бекболот Талгарбековдун айтканы эң туура, өткөн жылы жаңы шайланган президенттин рейтинги абдан жогору болчу, ага карата элдин ишеним кредити да өйдө болуп турган. Бүгүнкү күндө үлүштүк ченемде президенттин рейтинги кандай экенин айта албайм, бирок, салыштырмалуу, бүгүнкү күндө азайгандыгы анык. Буга бир топ факторлор таасир этти, аны окурман журту жакшы билет.

– Экс-президент А.Атамбаев КСДП партиясынан да куржалак калды окшойт. Адамгерчилик жагынан алып караганда, бул туурабы?

– Адамгерчилик сапатынан гана эмес, юридикалык жактан да бул өтө туура эмес көрүнүш. Юстиция министрлиги колунда мөөрү, каттоосу жок, көчөдөн келген эле бир топтун маалыматын каттап койду. Министрликте кандай адамдар олтурат белгисиз. Дал ушул окуядан соң, КСДПны Атамбаевден тартып алууга бийлик да кызыкдар болушу мүмкүн экендигин баамдай баштадык. КСДПны, Атамбаевди биз жакшы көрөбүзбү, жаман көрөбүзбү, кандай болгон күндө да мыйзамдын сактылышын камсыз кылышыбыз керек. Жөн эле күчкө салып тартып алган болбойт….

– Сиз басма сөз жыйынында бийлик ээлеринен “бир ууч саясатчылардын кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн бузуку саясий системадан баш тартып, чыныгы өнүгүүгө алып келе турган саясий реформаны жүргүзүүнү” талап кылдыңыз эле. Элди курултай да бул маселени 27-апрелдеги жыйында талкуулап, кол топтоону баштаганы жатат. Сиздердин бул аракет ишке ашабы же бийлик кайдыгерликке салып, калып кетеби?

– Мен айтып жаткан нерсе бийликке эмес, мамлекетке керек. Мына, азыркы бийликте тургандар, президентпи, премьерби, Жогорку Кеңешпи, убактысы бүткөндө баары бир кетет. Бирок, алар кеткенден кийин да жашаш керек. А эгерде мамлекетти өнүктүрүү жолуна жетелеген чыныгы саясий системаны калыптандырып кете турган болсо, бул бийликтин аты тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калат. Өлкөнү туруктуу өсүш жолуна салып кетсе, атак-даңкты аны сунуштаган биз эмес, бийликте олтургандар алат. Өзүбүз үчүн талап кылган жокпуз, бул мамлекеттин келечеги үчүн керек нерсе.

– Жогорку Кеңештин депутаттары Абылгазиев жетектеген өкмөттүн ишин оң баалап, мактаган пикирлер арбын болду. Эл өкүлдөрү берген баага кошуласызбы?

– Мен буга чейин бул өкмөттүн отставкага кетишин талап кылган эдем. Ал оюмдан бүгүн да кайтпайм – колунан иш келбеген соң кетип эле калышса жок дегенде бир пайдалуу иш кылышмак. Бүгүнкү күндө өкмөттүн жандуу ишинен кабар жок. Депутаттардын колдогонун көрдүңөр, алар дагы эле көнгөн адатынча өйдө жактын ырын ырдап олтурушат. Бир аз уялып коюшпайбы. Өкмөттүн жакшы иштеп жаткандыгы мисалы элдин турмушунан байкалып жатабы? Жаңы жумуш орундары түзүлүп, мигранттардын саны азайып кеттиби же? Мунун бири да жок! Кайра тескерисинче, күн өткөн сайын улам жаңы чырга себепкер болуп олтурушат?

– Мисалы…

Мен Тоң районундагы Кызыл-Омпол уран кенинин тегерегиндеги маселени айтып жатам. Аны иштетүүгө жол берилсе, зыяны бүт элге тийет. Буга биз кескин түрдө “жок” дешибиз керек! Советтик мамлекеттен калган урандын калдыктарынан азыркы чейин канчалаган элибиз зыян тартып келе жатат. Кыргыз элинин генефондуна, калктын саламаттыгына терс таасир тийет. Абылгазиевдин өкмөтүн кечээ депутаттар айга теңеп мактап койсо эле, “эми бизге баары боло берет!”- дегенге өтүштүбү? Өткөндөн өкмөт сабак албайт экен. Азыр келечегин ойлоп каршы чыккан тоңдуктарга – “тоскоол кылсаңар көрөсүңөр…” – таризинде эскертүү жасашууда. Буга чейин Ала-Букада, Кадамжайда минтип каршы чыккан элди токмоктоп, кордошту эле. Эми кезек ушул карапайым көлдүктөргө жеткен турбайбы! Абылгазиев эсине келсин, от менен ойнобосун… Элдин саламаттыгы жана тынчтыгы кымбат. Бүгүн бийлик аталган кенди иштетүүгө берген лицензиясын тез арада жокко чыгарышы зарыл. Дагы жакшы, коомчулуктун чуулдаганынан улам өкмөт чалгындоо иштерин токтотуп койду. Бирок, бул биротоло жапкандык эмес. “Зыяндуу болбосо иштетебиз”- деп атышат. Кагазга ороп туруп, “текшердик, зыяны жок”- деп эртең ишти кайра баштап да жиберишсе таң калбайм.

– Сиз акыркы кезде бийликке карата сын маанайдагы пикирлерди айтып жүрөсүз. Мунун себеби эмнеде? Президентти дайыма колдочу элеңиз, позицияңыз өзгөрүп кеттиби?

– Бул менин позициям эмес, көз карашым. Президенттик шайлоо учурунда да биз: “эгерде мына биз колдогон келечектеги ажобуз туура эмес иштерге бара турган болсо, аны жашырбай ачык айтып, адашкандан сактайбыз”- деп айткан элек. Ошол убадабызда туруп, айрым жаза тайып кеткен иштери боюнча сын-пикир айтып жатабыз. Себеби, сын болбосо, эч качан алга жылыш болбойт. Биз деле айрым сокур саясатчыларга окшоп, жарашса, жарашпаса да мактаганды билебиз. Анда эле туура эмес жолго түрткөн болуп калабыз го. Эл-журтка күйгөн адам катары айтып коюу керек, эч ким бийликте түбөлүктүү олтурган эмес. Анан эле бул бийлик да түбөлүктүү тактыдан түшпөй кала тургансып кошоматчылык кылып, ашыкча жүгүнүүнүн да чеги болуш керек. Бийликти жакшы иштесин десек, туурасын туурадай айтып, жеткизип турган оң.

– 2020-жылкы парламенттик шайлоого “катышаар-катышпастыгымды чече элекмин”дедиңиз эле. Партиялар кадимкидей жандана баштады. Сизде эч даярдык жок го…

– Мен шайлоого дайыма даярмын. Себеби, башкаларга окшоп штабтарды ачып, акчаларды даярдап, жалган үгүт материалдарды камсыздаштын мага кереги жок. Мен эл менен ар дайым түз, ачык сүйлөшкөн саясатчымын. Кандай болсом, ошондой кабыл алышат. Ошентсе да дагы бир жолу тактап кетейин, өзүм үчүн бул ирет шайлоого катышамбы, жокпу, дагы эле чече элекмин. Анын үстүнө шайлоо 2020-жылы күзүндө болот, ага чейин абдан көп убакыт бар. Ошого жетебизби, жетпейбизби, бир Кудай билет…

Маектешкен: Нургазы Анаркулов
Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: