18-апрелде Чүйдүн Москва районунда жайгашкан «Рим» ресторанында Солтонун Чаа уулунан тараган урпактардын курултайы болуп өттү. Курултайга Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов райондорунан делегаттар келишти. Курултайдын жүрүшүндө мөөнөтү аяктаган төраганын отчету угулмак жана жаңы төрага шайланмак. Отчет угулбады, анткени төрага келбептир. Чаа урпактары бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, кеңешип кесип, жаңы төраганы шайлоо боюнча бир чечимге келишти. Ошентип Чаанын төрагалыгына жалгыз талапкер катары ЖКнын 5-чакырылышындагы «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Турат Мадылбеков сунушталып, аны делегаттар бир добуштан колдошту. Солтонун уставы боюнча бир учурда Солто коомунун теңтөрагасы болору да айкындалды. Эмне демекпиз, Турат Мадылбековду Солто эли эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли тааныйт. ЖКда депутат болуп жүргөндө эл өкүлү катары бир топ көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, аны чечүүдө жан үрөгөн депутаттардын саналуусу экенин билебиз. Мындай коомдук башталыштагы иштерге активдүү катышып, баардык күч аракетин жумшайт деп ишенип туралы. Чыныгы Солто урпагы экенин нечен ирет иш жүзүндө көрсөткөн жана көрсөтөт. Турат Мадылбековдун ишине ийгилик каалайлы!
Бекбол Айдаров
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ